Министрлер кабинети парламенттин чечими менен аны башкарууну быйыл майда өзүнө алган. Алгач анын мөөнөтү үч ай экени айтылып, зарыл болсо узартылары көрсөтүлгөн эле.
Мурдараак “Центерра Голд” кыргыз тарап диалогго келбей жатканын билдирип, маселе сот аркылуу гана чечилерин маалымдаган.
Мөөнөт жана мыйзам
“Кумтөр Голд Компани” ишканасын тейлөөнү Министрлер кабинетинин атынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жүргүзүп жаткандыктан анын мөөнөтү жөнүндө билдирүүнү ушул мекеме таратты.
Фонддун директорунун орун басары Медер Машиев “Азаттыкка” буларды билдирди:
“Убактылуу башкаруунун мөөнөтү жаңы мыйзамда дагы, башкаруучуну дайындоо тууралуу токтомдо дагы көрсөтүлгөн эмес. “Акционердик коомдор” жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүдө, жаңыдан киргизилген 65-1-берененин алтынчы пунктунда убактылуу башкаруучу “кенди пайдалануу токтогонго чейин башкара алат” деген маани камтылган. Башкача айтканда, кенди башкарууга киргизилген башкаруучу компания бузган экологиялык нормаларды калыбына келтирет да, чыгып кетет, болбосо компаниянын иши токтотулат. Ал ошого чейин башкара берүүгө укуктуу”.
Быйыл майда Кумтөрдү иликтеген Мамлекеттик комиссия кендеги экологиялык зыяндарга байланыштуу “Кумтөр Голд Компани” ишканасына сырттан башкаруу киргизүү сунушу менен чыккан. Муну ишке ашыруу үчүн комиссия төрагасы Акылбек Жапаров жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, 6-майда парламентте үч окуудан кабыл алынган. Мыйзамга 14-майда президент Садыр Жапаров кол койду.
Комиссия жана Министрлер кабинети 17-майда Жогорку Кеңеште кайрадан билдирүү жасап, парламент кенге сырттан башкаруу чечимин бекитип берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-майда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүктү дайындап, 18-майда аны жамаат менен тааныштырган.
Бөлтүрүк ал башкаргандан берки мөөнөт ичиндеги өндүрүштүк көрсөткүчтөр тууралуу маалымат бере албай турганын айтты:
“Тыштан киргизилген башкаруу автоматтык түрдө узартылат. Кечээ мен, Координациялык кеңеште үч айдын жыйынтыгы тууралуу отчёт бердим. Бирок ал жабык жыйын болгондуктан андагы маалыматтарды айта албайм. Сандар жана башка нерселер “Центерра” тараптан туура эмес интерпретацияланбашы үчүн кенен комментарий бере албайм. Бардык мамлекеттик аткаминерлерге да бул жөнүндө маалымат берүүгө чектөө коюлган. Отчёттор “Центерра” менен бир жактуу чечимге келгиче конфиденциалдуу болуп эсептелет”, - деди Тенгиз Бөлтүрүк.
Арийне, парламенттеги жыйындарда башкаруу үч айга киргизилери, зарыл болсо узартылары расмий айтылып жаткан. Муну тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы, азыркы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өзү эле бир нече жолу белгилеген. “Азаттыкта” анын аудиосу да бар.
Сыягы башкаруучунун мөөнөтү тууралуу берене парламенттеги талкуу учурунда алынып салынгандай. Кезинде ал жагдай боюнча так түшүндүрмө берилбегендиктен ЖМКлар убактылуу башкаруу алгач үч айлык гана убакытты камтый турганын жазып келишкен.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев кепке кошулду:
“Мөөнөтү так кантип чечмеленгени эсте жок, бирок алар мыйзамды коргоп жатышканда тышкы башкаруу үч айга киргизилгенин айтышкан болчу. Аны депутаттарга деле, журналисттерге деле айткан, стенограмманы ачсаң деле чыгат. Ошондуктан өкмөт расмий түрдө узартуу тууралуу билдирүү бериш керек эле деп ойлойм. Болбосо “мына үч ай өттү, же узартып бергиле, болбосо мындай варианттар бар” деген бир сунуштамасын алып келип, парламент аркылуу бекитип, анан иш алып барыш керек эле да. Ушул жол мыйзамдуу болчу. Депутаттар менен мурда эле көп сүйлөшүшчү эмес, азыр ансыз да сүйлөшпөй, ар кандай чечимдерди кабыл алып жатышпайбы”.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын сайтында ушул тапта көрсөтүлгөндөй, 2021-жылы 14-15 тонна алтын казуу планы коюлган.
Канадалык “Центерра Голд” компаниясы аз күн мурда берген отчётунда, Кумтөрдү башкарып турган учурда 1-январдан 15-майга чейин кенден жалпы 4 тоннадай алтын өндүргөнүн жарыялаган.
Жогоруда айтылгандай, “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Кыргызстандын Министрлер кабинетинин колуна өткөндөн кийин анда канча тонна алтын өндүрүлгөнү жана чыгымдар кандай болгону белгисиз.
Коюлган доо жана талашты чечүү жолу
Кумтөр кениндеги жагдайды иликтеген Мамлекеттик комиссия кезинде канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген.
Анын алдында болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Учурда Нью-Йоркто сот уланып жатат, соңку олтурум 17-августка белгиленген болчу.
Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр кенине байланыштуу бардык келишимдерде коррупциялык фактылар аныкталганын билдирип, документтердин баарын денонсациялоо процесси башталганын жарыялады.
Кийин “Центерра Голд” расмий билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү Кумтөргө байланыштуу милдеттенмелеринен бир тараптуу баш тарта албай турганын билдирген. Компания тараптардын талашы эл аралык сотто гана териштирилерин кошумчалаган.
“Центерранын” президенти Скотт Перри 10-августтагы телефон аркылуу конференциясында кыргыз өкмөтү менен диалогду улантууга даяр экенин белгилеп, бирок алар сүйлөшүүгө келбей жатканын айткан:
“Биз мурда жасап келгендей эле кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогго барууну туура көрөбүз. Бирок кыргыз бийлиги байланышуудан баш тарта берсе, биз мүлкүбүздү жана акционерлерибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдык чараларды көрүүнү уланта беребиз. Анын ичинде биз баштаган эл аралык арбитраж жана Торонто менен Нью-Йорктогу соттук териштирүүлөр бар. Мурда айткандай, биз Кумтөрдү баалуу мүлк деп эсептесек да, ал болсо да, болбосо да биздин компания финансылык жактан күчтүү, колубузда орчундуу деңгээлде каражат бар, олуттуу карыз жок. Канада жана Түркиядагы уланып жаткан ишмердигибизге ишеним бекем”, - деген анда Скотт Перри.
Кыргыз тарап АКШдагы сот Кыргызстандагы кендин тагдырын чече албай турганын билдирип келет.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ушундай эле пикирин 15-августта “Фейсбуктагы” баракчасында бөлүшкөн эле:
“Мен “Центерранын” жетекчилигине, Скотт Перриге, Дэн Дежарденге кайрылуу жолдоону туура көрдүм. Мындай нерселерди токтотуу керек. Бул күрөштө сиздер утпайсыздар. Сиздер өзүңүздөрдүн жана Кыргызстан элинин алдында чынчыл болушуңуздар керек. Кумтөр иштеп жатат жана иштей берет! Биздин артыбызда төрт миң кызматкер, алардын үй-бүлөлөрү, бүткүл өлкө турат жана бизди тизелетебиз деген оюңар ишке ашпайт. Эгер “Камеко” дагы, “Центерра” дагы башынан мыйзамдарыбызды сыйлап, аны бузбаганда, кызматташуубуз улана бермек. Учурдагы кырдаал – алардын Кыргызстандын мыйзамдарын тоготпогондугунун, жаратылышыбызга болгон жырткычтык мамилесинин жана коррупциянын жыйынтыгы болду”, - деген ал.
Ошентип, маселе азыр ачык бойдон калууда. Сүйлөшүү жолу да, же соттошуу жолу да жыйынтык бербей турат. Адистер үчүнчү жол катары атап жаткан “келишимдердин баарын жокко чыгаруунун” арты деле соттошууга алып келерин эскертүүдө.
Кыргызстандын Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун жүйөсүн келтирели:
“Келишүү керек, же келишимдерди жокко чыгарып, улутташтырышыбыз керек. Буга чейинки келишимдердин бардыгы коррупциялык жол менен кабыл алынган деп таап, аларды “денонсация кылабыз” дегени - бул баары жаңы барактан башталсын дегендик. Анда парламент, өкмөт жана башка бардык мекемелер өздөрүнүн чечимдеринин баарын жокко чыгарышы зарыл. Бул боюнча Конституциялык соттун чечими бар, ал дагы артка кайтарылып, жокко чыгышы керек. Бирок эгер ушинтип денонсацияга барган күндө дагы АКШдагы же Швециядагы эл аралык арбитраждык соттон качып кутула албайбыз. Кыргыз өкмөтү мурда да ушундай эле учурларга кабылганын билебиз, ошол эле Кумтөр эл аралык соттордун биринде утуп алып, “Кыргызалтындын” акцияларын камакка алдыртып койгон фактылар болгон. Ошол үчүн эгер биз утуп алсак, бул чоң жеңиш эгер утулуп калса анда аларга компенсация төлөп берип калышыбыз мүмкүн”,-деди ал.
Атайын кызмат Кумтөргө байланыштуу козгогон кылмыш ишинин алкагында алты-жети эпизодду иликтеп жатат. Анын ичинде келишимдерге жана башка документтерге байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Игорь Чудинов, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, экс-спикер, депутат Асылбек Жээнбеков, депутат Төрөбай Зулпукаров жана башкаларга айып тагылган.
Булардын көбү камакта, бир бөлүгүнө иштин мөөнөтү өтүп кеткени үчүн “жоопкерчиликке тартылды” деп эсептелип, бирок бошотулган.
УКМК жаңы эпизоддордо кылмыш аныкталаса экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлерге айып тагыларын эскерткен. Атамбаев "кол тийбестик" макамы ажыратылып камакта олтурат, Исаков чет жакка качып кеткен.