Тажик мамлекет башчысынын Пакистанга эки күндүк сапары бейшембиде карыды. Маалыматтарга караганда, эки өлкө түрдүү чөйрөлөрдөгү кызматташтык тууралуу бир катар меморандум, келишимдерге кол коюшту. Анын арасында Тажикстанды Пакистанда чыгарылган курал-жарак менен камсыздоо жөнүндө документ бар экенин пакистандык Dawn басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, жетекчилердин көзмө-көз кездешүүсүнөн кийинки биргелешкен маалымат жыйында Имран Хан “коргонуу тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү абдан маанилүү” экенин билдирди.
Премьер кошумчалагандай, эки лидер “тажик тараптын Пакистан чыгарган курал-жаракка болгон талабын кантип канааттандыруу керектигин талкуулап жана өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюшту”.
Ошол эле маалда Тажикстандын делегациясынын мүчөлөрүнүн бири “Азаттыктын” тажик кызматынын коргонуу тармагындагы макулдушуу тууралуу суроосуна жооп берип жатып, “Рахмон менен Хан шаршембиде көзмө-көз жолугушканын, эки тараптуу алакаларды жана башка маселелерди талкуулашканын” айтты.
“Кездешүү жабык эшик артында өттү. Балким алар сиз айткан маселени да кеп кылышкан, бирок коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө эч кандай документке кол коюлган эмес" деп жооп берди.
Тажикстанга курал-жарак берүү тууралуу макулдашылганын пакистандык журналист Саджджод Хусейн да "Yahoo” сайтындагы макаласында жазды.
2-июнда тажик президентинин басма сөз кызматы эки жетекчинин Исламабаддагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билим берүү, экономика, коррупция менен күрөшүүдөгү, башка чөйрөлөрдөгү кызматташтык тууралуу 12 документке кол коюлганын билдирди. Бирок ал тизмеде коргоо тармагындагы алаканы өнүктүрүү тууралуу документ жок.
Айтмакчы, жаздын башында Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Дүйшөмбүдө тажик башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуудан кийин тараптар коргоо тармагындагы кызматташууга “канааттанышканын” билдирген. Куреши анын өлкөсү Тажикстандын куралдуу күчтөрүн машыктырууга жана аскердик жөндөмүн арттырууга жардам берүүгө даяр экенин, буга чейин Пакистан тажикстандык офицерлерди жана жогорку дипломаттарды окутканын кошумчалаган.
Саясий эксперт Марат Мамадшоевдин пикиринде, жаап-жашыруу, анык бир нерселерди ачык айтуудан оолактоо тажик бийлигине мүнөздүү көрүнүш:
"Ал эми Пакистан менен кызматташуу бул өзгөчө бир маселе. Пакистан Батыштын, АКШнын региондогу негизги өнөктөшү. Билгениме караганда, Кошмо Штаттар акыркы ондогон жылдан бери ал өлкөгө аскердик жардам берип жүрөт. Андан тышкары, 1990-жылдары Пакистан Рогун ГЭСине каражат салууга даярдыгын сөз жүзүндө айтып келген. Ошондо эле Орусиянын реакциясы терс болгон. Албетте, мындай кызматташтыкка Москвада бери дегенде кооптонуу менен, а балким негативдүү карашат".
19-майда Дүйшөмбүдө Сирожиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкө аскердик кызматташтыкты улантууну, тажик куралдуу күчтөрүн калыптандырууга көмөктөшүүнү макулдашканын билдирген:
"Биз аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык тармагындагы, анын ичинде Орусия Федерациясынын тажик куралдуу күчтөрүн модернизациялоо тууралуу келишимдин аткарылышын карап чыктык. Мындан ары да коюлган пландарды өз мөөнөтүндө аткарууну сүйлөштүк. Орток коопсуздукка жаралган коркунучтар кала бергенин, Ооганстандагы кырдаалды, АКШ жана НАТО аскерлерин чыгаруу, тагырагы алынып кетери жарыяланганын эске алганда, бул абдан маанилүү".
Москва Тажикстанга аскердик курал-жабдыгын жаңыртууга 2025-жылга чейин 200 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Мындан сырткары Ооганстан менен чектеш аймактарга заманбап аскер бөлүгүнүн курулушун каржыламакчы.
Рахмондун Пакистанга сапары тууралуу сөздү улантсак, тараптар бир катар регионалдык жана эл аралык маселелерди талкуулап, кошуна Ооганстандагы саясий кырдаалга өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.
Тажик президентинин басма сөз кызматы Рахмон энергетика тармагындагы эки өлкө үчүн пайдалуу кызматташтыкты, CASA-1000 боюнча долбоорлорду улантууга кызыкдар экенин белгиледи. Сөз болгон долбоорго ылайык, электр энергиясы Тажикстан жана Кыргызстандан Ооганстан менен Пакистанга ташылмакчы. Бирок эксперттер америкалык аскерлер ооган жергесинен чыгарылгандан кийин аны жүзөгө ашырууда кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат.