Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Коронавирустан дагы эки киши кайтыш болду, оору 211 адамдан аныкталды


COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы эки кишинин өмүрүн алды. Экөө тең Бишкек шаарында катталды.

Бир күндө вирус дагы 211 кишиден жаңы аныкталып, октябрдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 79 122 адамды түздү. Анын 72 780и сакайганы айтылды. Бир күндө 321 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1330 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1664 бейтап стационарда, 2463 киши үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG