Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Румыниянын батышчыл премьери Орбан шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу кызматтан кетти


Румыниянын премьер-министри Людовик Орбан кызматтан кетти.
Румыниянын премьер-министри Людовик Орбан кызматтан кетти.

Румыниянын премьер-министри Людовик Орбан 6-декабрдагы парламенттик шайлоодо өзүнүн бийликтеги партиясы – Улуттук либералдык партия (УЛП) негизги атаандашы болгон Социал-демократиялык партиядан (СДП) кийин экинчи орунда келгендиги үчүн 7-декабрда кечинде кызматынан баш тартты. Экинчи орунда келгенине карабастан, анын партиясы коалициялык өкмөт түзүү аркылуу бийликте кала бериши да күтүлүүдө.

Добуштардын 95% жакыны саналып бүткөн кезде коммунисттердин мураскору болгон социал-демократтардын партиясы (СДП) 30% жакын добуш алгандыгы, УЛП партиясы андан дээрлик 5% артта экендиги кабарланды.

Людовик Орбан сыналгыда ободо түз чыгып сүйлөп, өз милдетин абийир менен аткарганын баса белгиледи. Анын өкмөтүн оппозициядагы социал-демократтар «коронавируска каршы натыйжалуу күрөшкөн жок» деп айыптап келген болчу.

УЛПнын мурдагы лидери, батышчыл президент Клаус Йоханнис Орбандын билдирүүсүнөн көп узабай, 7-декабрда кечкурун коргоо министри Николае Чукэ мырзаны премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Эми президент Йоханнис парламенттин жаңы чакырылышына өткөн партиялар менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

Николае Чукэ (Nicolae Ciucă).
Николае Чукэ (Nicolae Ciucă).

Мурдагы өкмөттү башкарып турган чагында жемкорлук жаңжалдарына байланыштуу олуттуу сын-пикирлерге кабылган социал-демократтар «саясий чечимдерди кабыл алуу жүрүмүнөн» обочодо кала бере тургандыгын, башкача айтканда, бул партиянын лидерине коалициялык өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү ыйгарылбай тургандыгын президент Йоханнис 7-декабрда баса белгиледи.

Президент Клаус Йоханнис Евробиримдикти жактаган жана либералдык реформаларды жүргүзүүгө дилгир коалициялык өкмөт куруш үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Румынияда 6-декабрда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоочулар 136 сенаторду жана 329 депутатты шайлашты. Атаандаш эки негизги партиядан башка да бир нече партия жаңы чакырылышка кирди. Оңчул-чордончул УСР-ПЛУС (USR-PLUS) ынтымагы үчүнчү орунда келди. Парламенттеги бул жана башка партиялардын лидерлери да шайлоодо УЛП партиясынан саал алдыда келген солчул СДП партиясынан өздөрүн оолак кармап жатышат.

XS
SM
MD
LG