Румынияда 10-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктарына караганда, азыркы мамлекет башчы Клаус Йоханнис алдыда келе жатат. Алгачкы эки сурамжылоодо ага шайлоочулардын 39% жакыны добуш бергени айтылды.
Йоханнис - Европа Биримдигин жактаган талапкер.
Румыниянын Борбордук шайлоо бюросунун маалыматына караганда, бул өнөктүккө шайлоо укугу бар жарандардын 48% катышты.
Президенттик кызмат үчүн 14 талапкер ат салышты.
Экинчи орунда мурдагы премьер-министр Виорика Данчилэ келе жатат.
Эгер талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызынан аша албаса 2-тур болот. Экинчи айлампа 24-ноябрда өтөт. (RK)