Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Жогорку сот музей жана ипподром иштери боюнча сот чечимдерин жокко чыгарды


Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.
Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.

Кыргызстандын Жогорку соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттун буга чейинки эки инстанциясы чыгарган өкүмдү 7-декабрда жокко чыгарды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» ушул иш боюнча айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

«Биз буга чейин болгон сот отурумдарындагы мыйзам бузулган учурларды көрсөтүп, жүйөлөрдү келтиргенден кийин Жогорку сот райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарды. Ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберди», – деди Автандил уулу.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоо боюнча кылмыш иштерине байланыштуу райондук жана шаардык соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылганын ырастады.

Биринчи май райондук соту ишти качан карай баштаары азырынча белгисиз. Жактоочунун сөзүнө караганда, Сапар Исаков сотко келгенден кийин гана териштирүү башталышы керек. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Сапар Исаков өлкөдө 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда Молдовановка айылындагы №27 абактан чыгып, ошол бойдон кайтып барган эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ага эл аралык издөө жарыяланганын кабарлаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-июнда Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген.

Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айыппул салынган.

20-августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган. Исаков да, Карыбаева да өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG