Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрда Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасын өткөрөт.
Министрликтин маалыматына караганда, бул иш-чара «Манас күнүнө» арналат жана ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышат. 4-декабрда саат 11:00дө башталып, 5-декабрда саат 11:00 жыйынтыктала турган иш-чара «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Министрлик бул майрамдык акцияны өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай турганын, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрүн билдирди.
«Манас» эпосу - эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча жалпы элдик эстелик-мурас. Буга чейин ал ЮНЕСКОнун тизмесине адамзаттын материалдык эмес мурасы катары киргизилген. Быйыл 12-ноябрда Бишкекте манасчы Дөөлөт Сыдыков өз өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында 14 саат 27 мүнөт «Манас» айтты. (RK)