Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Францияда ишембидеги нааразылык жыйындарына 130 миңден ашуун киши катышты


“Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбоорунун 24-беренесине каршы нааразылык жыйыны маалындагы өрт коюу учуру. Париж, Франция. 2020-жылдын 28-ноябры.
“Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбоорунун 24-беренесине каршы нааразылык жыйыны маалындагы өрт коюу учуру. Париж, Франция. 2020-жылдын 28-ноябры.

Ишембиде, ноябрдын 28инде, Франциянын ар кыл аймактарында маалымат алуу эркиндигин колдоп нааразылык чаралары уюштурулду. Аларга өлкө боюнча 133 миңдей киши катышкандыгы маалымдалууда.

Борбор шаар Париждин өзүндө эле 46 миңдей киши тынч демонстрацияга чыккан. Шаардын кээ бир жерлеринде айрым тентектер автоунааларды жана гезит сатчу чакан дүкөндөрдү өрттөп, полиция кызматкерлерин көздөй бөтөлкө жана шагыл таш ыргытышкан. Полиция 46 кишини кармап кетти.

Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен мырзанын айтымында, ишембиде бүткүл өлкө боюнча коопсуздук күчтөрүнүн 37 өкүлү ар кыл жаракат алышкан. “Бул – эч кабыл алгыс” зомбулук аракет, деп Дарманен бул мыйзамсыз жоруктарды айыптады.

Нааразылыкка чыккандар “Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзам долбоорунун 24-беренесиндеги полициячылардын жана жандармдардын жүзүн тасмага тартуу менен байланыштуу жобого каршы чыгууда.

24-ноябрда Франциянын Улуттук жыйыны “Дүйнөлүк коопсуздук тууралуу” деген жаңы мыйзамды биринчи окулушунда кабыл алды. Анын 24-беренесинде полициячы менен жандармга зыян келтирүү үчүн анын бетин же башка кимдигин тастыктоочу нерсесин сүрөткө тартып таркаткандык үчүн бир жылдык абак мөөнөтү жана 45 миң евро акчалай жаза каралат, деген жаза түрү камтылган.

Бул беренеге коомчулук менен катар эле журналисттик кесиптик кошуундар да каршы чыгышты. Алар бул мыйзам беренеси кабыл алынып калчу болсо, анда ЖМК кызматкерлери менен карапайым атуулдар ар кандай нааразылык иш-чаралары маалында коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүн сүрөткө жана тасмага тарта албай калышат деп чочулашууда.

Француз бийликтери болсо бул мыйзам долбоору маалымат каражаттарынын полициянын аракеттерин чагылдыруу жаатындагы ишмердигине эч бөгөт болбойт деп бир нече ирет билдиришти.

Француз музыка продюсери Мишел Зеклер жана анын адвокаты Хафида эл-Али айым кабарчылардын алдында. Париж. 2020-жылдын 26-ноябры.
Француз музыка продюсери Мишел Зеклер жана анын адвокаты Хафида эл-Али айым кабарчылардын алдында. Париж. 2020-жылдын 26-ноябры.

Айтмакчы, өткөн апта соңунда кара түстүү музыка продюсери Мишел Зеклерди француз полициясынын өкүлдөрү ур-токмокко алгандыгы чагылдырылган видео тасма 26-ноябрда калайыкка жайылтылды. Президент Эммануэл Макрон полиция өкүлдөрүнүн бул кылыгын терең айыптап чыкты.

Алгач полиция 21-ноябрда Зеклер көчөдө беткапчан жүргөнүн, полициячылар аны тартип бузгандыгы үчүн камоого аракет кылганын билдирген.

Бул окуя полициядагы тымызын расисттик мамиле системага айланган деген жоромолдордун отуна май бүрккөндөй болду.

Франциянын ички иштер министри Дарманен полициянын беделине шек келтиргендерди тез арада кызматтан кетирүүгө бар аракетин жумшай турганын билдирди.

Бул жаңжалга катышкан полициячылар убактылуу кызматтан четтетилгендиги жана ички кызматтык териштирүү башталгандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG