67 киши бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын аймагында кулап түшөрү менен Орусиянын бийлиги жана мамлекеттик маалымат каражаттары кырсыктын бир катар себептерин айтып жиберүүгө үлгүрүштү. Алардын арасында катуу туман, куштардын тобунун учакка урунушу сыяктуу варианттар бар эле. Ал эми учак кулаганга чейинки кадрлар пайда боло баштаганда салондо кычкылтек баллону жарылган болушу мүмкүн деген жоромол чыкты.
Анткен менен бир катар далилдер Бакудан Грозныйга бараткан учак Чеченстанда абадан коргонуу системасынын ракетасы менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
Азербайжандын, Орусиянын же Казакстандын бийлиги мындай далилдердин бирин да ырастай элек. Анткен менен кырсыкка пайда болгон кадрлар, кырсыкта аман калгандардын айткандары учак Грозныйга конууга аракет кылып жаткан маалда эле ракеталык соккуга дуушар болгонун айгинелеп жатат.
Эгер чындап эле "жер-аба" классындагы ракета менен сокку урулганы далилденсе, бул орусиялык ракета жүргүнчү учакты кулатып түшүргөн экинчи учур болуп калат. 2014-жылы Москва Крымды оккупациялап алып, Донбасстагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп жаткан маалда "Бук" ракетасы менен MH17 Malaysia Airlines авиакаттамынын лайнери кулатылган. Андагы 298 кишинин бири калбай набыт болгон. Москва аны моюнга алган эмес.
Ал эми Embraer 190 учагы Бакудан 25-декабрда эртең менен 62 жүргүнчүсү жана экипаждын беш мүчөсү менен асманга көтөрүлгөн. Flightradar24 сайтынын маалыматына ылайык жарым сааттан кийин "GPS системасында мүчүлүштүктөр жаралган".
Ошол маалдан баштап кулаганга чейин 20 мүнөттөй убакыт калганга дейрей Flightradar24 учактан эч кандай маалымат ала алган эмес. Ал эми айрым учурда жеткен белгилер так эмес болгон же учактын кай жакта баратканын көрсөтө алган эмес.
Лайнер Чеченстандын аймагында учуп бараткан кезде Грозныйга дрондор менен чабуул коюлганын Чеченстандын оппозициячыл Телеграм-каналдары да, Орусиянын коопсуздук кызматына байланышы бар делген "База" каналы да жазган. Ошол эле учурда "База" Грозныйдын аэропорту болжолдуу чабуулдан улам каттамдарды кабыл алууну токтотконун кабарлаган.
Айрым иликтөөчүлөр ачык булактардан алынган маалыматтар аркылуу Чеченстанга ал таңда дрондор менен чабуул коюлганын ырасташты. Ал эми Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, аймактын лидери Рамзан Кадыровдун жээни Хамзат Кадыровго тиешелүү Инстаграмдагы аккаунт "дрон чабуулунун мизи ийгиликтүү кайтарылганын" билдирип, учкучсуз аппарат кулатылганы тартылган кыска видео жайгаштырган. Кийин ал пост өчүрүлгөн.
Мамлекеттик Grozny-Inform маалымат агенттиги да Хамзат Кадыровго таянып, "бардык дрондор ийгиликтүү атып түшүрүлгөнүн" жазган.
Ал эми учактын экипажы менен Грозныйдагы диспетчердин сүйлөшүүсү деп жарыяланган стенограммада экипаж мүчөсү "куштар тобу учакка урунгандан улам башкаруу кыйын болуп жатканын" айткан. Бул стенгорамманы 25-декабрда ВЧК-ОГП Телеграм-каналы жарыялады. Ал канал Орусияда "чет элдик агент" катары таанылган.
Бул канчалык стенограмма канчалык анык экенин айтуу кыйын. Канал өзү учак кырсыгына канаттуулар себеп болгон деген версияга ишенбейт.
Ал эми кырсыкта аман калган жүргүнчүлөрдүн бири Орусиянын RT мамлекеттик каналына учак Грозныйга үч жолу конууга аракет кылганын, үчүнчү жолкусунда "бир нерсе жарылганын" айтып берген.
Лайнердин ичинде болуп, кырсыкта аман калган кыргызстандык үч жарандын бири Тилек Осмонов "Азаттыкка" берген маалыматында учакта катуу добуш укканын билдирди:
"Грозныйга конбой, кайра өйдө көтөрүлгөндө кандайдыр бир добуш чыкты. Учактын ичинен катуу угулду. Анан үч сааттай ызы-чуу болду. Көрсө, Грозныйга коно албай, Махачкалага жибериптир".
Учкучтар лайнерди Грозныйдан чыгарып баратып диспетчерлерден Минеральные Воды жана Махачкаланын аэропорттору тууралуу сурап жатканын жарыяланган стенограммадан окуса болот. Бул эки шаар тең Грозныйга жакын жайгашкан. Бирок акырында учкучтар Каспий деңизинин үстү аркылуу Актауга өтүүнү чечкен.
Күбөлөр тарткан видеолордо учактын сыртында көптөгөн тешиктер бардыгы тартылган.
Аскердик талдоочу Ян Матвеев "Настоящее время" телеканалына курган маегинде учактын кулашына орусиялыктардын "Панцирь С-1" ракетасы себеп болгон болушу мүмкүн дейт.
Ал эми The Wall Street Journal жазгандай, авиация коопсуздугу боюнча британиялык Osprey Flight Solutions компаниясы "учак Орусиянын абадан коргонуу системасы менен атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн" деген билдирүүсүн бардык авиакомпанияларга жиберген.
"Видеолор жана Орусиянын түштүк-батышындагы аба мейкиндигинин абалына байланыштуу кырдаал учак зениттик соккуга дуушар болгон болушу ыктымал экенин көрсөтүүдө", - деген Osprey Flight Solutions компаниясынын башкы офицери Мэтт Бори.
Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматына караштуу Жалган маалыматка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко: "Учак Орусиянын абадан коргонуу системасы менен атып түшүрүлдү", - деп 25-декабрда эле X социалдык түйүнү аркылуу билдирди. Ал бул айткандарына далил келтире элек.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын февралында Украинага согуш ачкандан бери Киев Орусиянын бир катар аймактарында аскердик жайларды дрондор менен бутага алып келет. Соңку кездери Чеченстанга жана Түндүк Кавказга дрон чабуулдары күчөгөн.
Баку жана Астана: Иликтөөнүн жыйынтыгын күтөлү
Азербайжан менен Казакстандын бийликтери 25-декабрдагы кырсыктын себептерин иликтеп жатышат. Азырынча эч нерсе белгисиз. Учактын "кара кутулары" табылып, экспертизага жөнөтүлгөнү маалым болду.
Расмий Баку менен Астана иликтөө иштеринин жыйынтыгын күтүүгө, спекуляцияларга жол бербөөгө чакырышты.
Учакка ракета менен сокку урулушу мүмкүн деген сыяктуу варианттарды комментарийлеп жатып, Казакстан Сенатынын спикери Маулен Ашимбаев иликтөө аяктамайынча учактын кулашына эмне себеп болгонун айтуу мүмкүн эмес экенин билдирди.
"Мунун баарын чыныгы эксперттер иликтеп, өз жыйынтыгын чыгарышат. Казакстан дагы, Орусия дагы, Азербайжан дагы маалыматтын жашырылышына кызыкдар эмес. Баары коомго ачык-айкын жеткирилет", - деди Ашимбаев.
Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ушуга окшош эле жооп кайтарды.
"Биз иликтөөнүн аякташын күтүшүбүз керек", - деди ал.
26-декабрда Азербайжандын бардык аймактарында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, түшкү саат 12де бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев окуяны “чоң трагедия” деп атады.
"Учактын кулашынын себептери азырынча бизге белгисиз. Ар кандай версиялар айтылууда, бирок аларды талкуулоого азырынча эрте деп эсептейм. Бул маселе тыкыр иликтениши керек. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Албетте, Азербайжан коомуна иштин жүрүшү жана комиссиянын ишинин жыйынтыгы кабарланып турат", - деди ал.
Казакстандын расмий бийлик өкүлдөрү билдиргендей, "Баку-Грозный" багытындагы учактын бортунда Азербайжандын 42, Орусиянын 16, Казакстандын алты жана Кыргызстандын үч жараны болгон. Экипаж мүчөлөрүн кошкондо жалпы 67 киши болчу.
Кыргызстандыктардын баары аман, үчөө тең Мангыстау облустук ооруканасында жатат. Биринин абалы оор, экөө орто экени кабарланган.
Окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн атайын өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, Казакстандын вице-президенти Канат Бозымбаевдин айтымында, аман калган 29 кишинин көбүнүн дене-башы ар кандай деңгээлде күйүп калган.
11 киши оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Жабыркагандардын арасында эки бала бар. Орусиянын бийлиги аман калган тогуз жаранын атайын учак менен Москвага алып кетти.
Орусиянын "Интерфакс" агенттиги расмий бийлик өкүлдөрүнө шилтеме жасап, учак эксплуатацияга 2013-жылы берилгенин, техникалык текшерүүдөн быйыл октябрь айында эле өткөнүн жазды. Ал эми анын учкучу тажрыйбалуу болгон, буга чейин 15 миң саат учкан.
Учкучтардын тажрыйбасы жетиштүү экенин казакстандык авиа эксперт Абыл Кекилбай да белгилейт:
"Экипаж мүчөлөрү чындап тажрыйбалуу, кесипкөй адистер экенин көрсөтүштү. Анткени аэропортко жете албай калса да, ээн талаага алып барып кондурууга аракет кылышты. Андан тышкары ичиндеги жүргүнчүлөрдү аман алып калууга колдорунан келишинче аракеттеништи", - дейт эксперт.
Кырсыкта экипаждын эки мүчөсү - учкучтар набыт болду.
Стив Гаттерман, Марк Крутов, Элиза Кененбаева жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кавказ кызматы.
Шерине