Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Франция Түркиянын «зомбулук» тууралуу билдирүүлөрүн сындады


Париж менен Анкаранын алака-катышы Франция ашынган исламчыларга каршы күрөш жарыялагандан бери курчуп кетти.
Париж менен Анкаранын алака-катышы Франция ашынган исламчыларга каршы күрөш жарыялагандан бери курчуп кетти.

Франция түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды «зомбулук тууралуу билдирүү жасайт» деп айыптады жана Анкарага каршы жаңы санкция киргизилерин эскертти.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан «Europe-1» радиосундагы маегинде: «Ушул тушта президент Эрдоган зомбулук, ал тургай жек көрүү тууралуу билдирүүлөрдү такай жарыялап кетет, биз буга жол бербейбиз», - деди.

Мунун алдында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Париждин «Бозкурт» түрк кыймылына тыюу салганынан улам Францияны «кош стандарттуулукка жол берип жатат» деп айыптаган. Дипломатиялык мекеме мындай «эки жүздүүлүккө» каршы чара көрүлөрүн эскерткен, бирок кандай чаралар экенин тактаган эмес.

Франция шаршембиде өзү «жарым-жартылай аскердик жана ашынган улутчул» деп атаган «Бозкурт» кыймылына тыюу салган. Париж анда «бул кыймылдын өкүлдөрү күрд жана армян активисттерине каршы зомбулук акцияларына катышкан» деп билдирген. Ага ылайык, топтун мүчөлөрү өткөн айда Лиондогу жана Греноблдагы армяндарга каршы демонстрацияларга катышканы айтылган.

«Бозкурттар» менен Түркиядагы «Улутчул кыймыл» партиясынын байланышы бар. Аталган партия болсо Эрдогандын партиясынын саясий өнөктөшү.

Париж менен Анкаранын алака-катышы француз президенти Эммануэл Макрон ашынган исламчыларга каршы күрөш жарыяланарын билдиргенден кийин курчуп кеткен. Анын мындай билдирүүсүн түрк президенти Эрдоган кескин сындап чыккан.

Соңку тирешке ушул айдын ортосунда Париждин четиндеги мектептин мугалими Самюэл Патинин өлтүрүлүшү себеп болгон. Анын алдында Пати сабак өтүп жатканда сөз эркиндиги боюнча сөз кылып, окуучуларга Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөтүн көрсөткөн. Чечен улутундагы 18 жаштагы жигит аны мыкаачылык менен өлтүргөн. Мындан кийин бир топ адам камакка алынып, Францияда мусулмандарды текшерүү күчөгөн.

XS
SM
MD
LG