Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Франция 2015-жылдагы теракттардын курмандыктарын эскерди


Эң чоң жоготуу «Батаклан» концерттик залындагы кол салууда болгон.
Эң чоң жоготуу «Батаклан» концерттик залындагы кол салууда болгон.

Францияда мындан туура беш жыл мурун 130 адамдын өлүмү менен аяктаган кол салуулардын курмандыктары эскерилди. Премьер-министр Жан Кастекс чабуул болгон жерлердин бирине гүлчамбар койду.

Биринчи теракт Париждеги «Стад де Франс» стадионунун жанында кечинде болгон. Ошол учурда Франция менен Германиянын футбол боюнча курама командалары беттешип жаткан. Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Оланд да оюн көрүп отурган. Кечки саат тогуздар чамасында үч террорчу өзүн жардырган. Анда үч адам мерт болгон. Ошол эле маалда башка жихадчылар шаардын түндүк-батышындагы бир катар кафе-ресторандарга чабуул уюштурган. Кандуу окуяларда ондогон адам жан берген.

Эң чоң жоготуу куралчан адамдар «Батаклан» концерттик залына кирип барып, туш келди аткылаганда болгон. Анда америкалык «Eagles of Death Metal» рок-тобу концерт берип жаткан жана көрүүчүлөрдүн саны 1,5 миңдей болчу. Террорчулардын колунан 90дой кишинин өмүрү кыйылган.

Мындан беш жыл мурунку теракттын курмандыктарын эскерүү Франциянын бир катар шаарларында ашынган исламчылардын кол салууларынан кийин террордук кооптонуу эң жогорку чекке жеткен маалга туш келди.

Париждин четинде 16-октябрда чечен улутундагы жаран мыкаачылык менен мектеп мугалимин өлтүргөн. Анын алдында педагог окуучулары менен сөз эркиндигин талкуулап, мисал катары Мухамед пайгамбардын келеке сүрөтүн көрсөткөн.

Өткөн айдын аягында Ницца шаарында тунистик жаран бычак менен элге кол салган, анда үч адам мерт болгон. Ошол эле күнү Авиньон менен Лиондо дагы кол салуу аракеттери болгон.

Франция мындай опузага карабай өз принциптеринен баш тартпай турганын эскерткен жана антитерордук иш-аракеттерди күчөткөн.

XS
SM
MD
LG