Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Ооганстандагы чабуул коштогон сүйлөшүү


Гор провинциясындагы чабуул болгон аймак. 18-октябрь, 2020-жыл.
Гор провинциясындагы чабуул болгон аймак. 18-октябрь, 2020-жыл.

АКШнын чабарманы Залмай Халилзад Ооганстандагы токтобой жаткан чабуулдар расмий Кабул менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүлөрүнө коркунуч туудуруп жатканын эскертти. Ал мындай билдирүүсүн Гор провинциясындагы 14 кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин таратты.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жатканы менен Ооганстанда кандуу чабуулдар токтобой жатат. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Азаттыкка» ырастагандай, 18-октябрда Гор провинциясындагы Фироз Кох шаарынын борбордук бөлүгүндө жардыруучу заттар шыкалган автоунаа жарылып, андан кеминде 14 киши мерт болду. 120га чукул жайкын тургун жараат алды.

Гор провинциясынын полициясынын маалыматына ылайык, каза болгондордун баары жөн-жай тургундар жана жараат алгандардын арасында 35 коопсуздук кызматкери бар.

«Биз полиция бекетинин төртүнчү кабатында болчубуз. Анан эле жарылуу болду. Терезелердин айнектеринин баары талкаланып, үстүбүзгө түштү. Мен жарадар болдум. Анан бизди ооруканага алып кетишти», - деп билдирди жараланган полиция офицери Жума Хан.

Провинциянын бийлиги бул чабуулдун артында «Талибан» кыймылы турганын билдирүүдө. Бирок талибдердин өкүлү азырынча бул маалыматты ырастай албай турганын айтты. Бул чабуул «Талибан» менен ооган өкмөтү Катардын баш калаасы Дохада 19 жылдык согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жаткан учурда коюлду.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында чабуулдардан улам жер которгон тургундар. 13-октябрь, 2020-жыл.
Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында чабуулдардан улам жер которгон тургундар. 13-октябрь, 2020-жыл.

Ушундан улам Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ооган жергесинде токтобой жаткан чабуулдар бул сүйлөшүүлөргө шек келтирерин эскертти. Ал 18-октябрда «Твиттердеги» бир нече билдирүүсүндө Гор провинциясындагы чабуулду «трагедия» деп атады. Ошондой эле АКШ менен «Талибандын» ортосундагы келишимдин жана Вашингтон менен Кабулдун ортосундагы декларациянын шарттары сакталышы керек экенин белгиледи.

«Зомбулук дагы эле күчөп жатканы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө, келишимге жана аскердик жол менен маселени чечүүгө болбойт деген түшүнүккө коркунуч туудурат. «Зомбулукту азайтуу зарыл» деген билдирүүлөргө карабастан анын деңгээли дагы эле жогору», деп жазды Халилзад.

Ал күч колдонуу аркылуу сүйлөшүү үстөлүндө артыкчылыкка ээ болуу аракетинин тобокелчилиги бар экенин да эскертти.

Кабул шаары, 2020-жылдын апрель айы.
Кабул шаары, 2020-жылдын апрель айы.

Халилзаддын мындай билдирүүсүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус да өз барагына жайгаштырып, тараптарды буга чейин кол коюлган макулдашууларды аткарууга үндөдү.

Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү быйыл февраль айынын соңунда кол койгон келишимге ылайык, ооган өкмөтү менен талибдер туткундарды алмашып бүткөндөн кийин өз ара ички диалогун башташы керек эле. Мындай сүйлөшүү кийинкиге жылдырылып отуруп, акыры 12-сентябрда башталган. Андан бери «Талибан» атышпоо келимишин аткаруудан баш тартып келди. Сүйлөшүүлөр башталгандан бери тараптар бир нече жолу бири-бирине чабуул коюшту.

16-октябрда талибдер Ооганстандын түштүгүндө чабуулдарды убактылуу токтотууга көнгөн. Анын алдында Вашингтон АКШ менен «Талибандын» келишимине ылайык, аба чабуулдарын жана түнкү рейддерди токтотууга макул болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын биринчи жарымында ооган жергесиндеги чабуулдардан 1280 жайкын тургун каза тапты. Буга негизинен ооган өкмөтү менен талиб жоочуларынын кагылышуулары себеп болду.

XS
SM
MD
LG