Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

БУУ Беларуста элге кыйноо колдонулган жүздөгөн окуяны документтештирди


Күч кызматкери нааразылык акциясына чыккан жаранды кармап баратат. 30-август, 2020-жыл. Минск.
Күч кызматкери нааразылык акциясына чыккан жаранды кармап баратат. 30-август, 2020-жыл. Минск.

Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Беларустагы нааразылык акциялары учурунда кармалган демонстранттарга кыйноо колдонулган 450 окуяны документтештирди. Алардын арасында аялдарга жана балдарга байланыштуу далилдер да бар. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча улук комиссарынын башкармалыгынын сайтына 1-сентябрь күнү жарыяланды.

Маалыматта белгиленгендей, бери дегенде алты адамдын кайда экенинен жакындары кабарсыз.

БУУ кармалгандарды кыйноону токтотууга, камакка алынгандарды мазактап, токмоктогон күч кызматкерлерин жоопко тартууга чакырды.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү дээрлик 30 жылга жакын убакыттан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңип чыкканы жарыяланган. Андан бери элде нааразылык күчөп, каршылык акциялары токтой элек. Толкундоолор учурунда бир канча киши көз жумганы тууралуу маалымдалган.

XS
SM
MD
LG