Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-августка карата маалыматы боюнча ушу тапта илдет аныкталган 715 бейтап стационарда дарыланууда. 4818 бейтап амбулатордук түрдө дарыланып жатат.
Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө Жалал-Абад облусунан эки медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Муну менен пандемия башталган март айынан бери COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлер 3133 кишиге жетти. Анын 2471и айыгып чыкты. Вирустан 80ден ашык медкызматкер кайтыш болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсебине ылайык, март айынан бери илдеттин курмандыктары 1059 кишини түздү. Мекеме 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын билдирген. Ага чейин вирустан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий маалымдалган.
Соңку бир күнгө карата алынган маалыматта вирус жуккандар 43898ге жеткени, 38459у айыкканы айтылды. (NT)