21-23-август күндөрү «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башкаруучу мүчөлөрү, кызматкерлери жана эксперттери пандемия убагында өлкөдөгү адам укуктары кандай сакталганын талкуулаган жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты уюм 24-августта таратты.
Талкууда катышуучулар пандемия маалындагы Кыргызстандагы социалдык, саясий, экономикалык кризис тууралуу сөз козгоп, элдин кыйналганы өлкөдөгү адам укуктарынын абалына таасир эткенин белгилешкен.
Уюмдун көз карашында өлкөнүн бир да бийлик түзүмү өлкө жарандары кабылган кооптуу жагдайларды азайтуу боюнча жетиштүү аракет көргөн эмес. Ал эми көрүлгөн чаралар такыр эле натыйжасыз же пайдасы азыраак болгон. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды айтты:
«Пандемия убагында элдин саламаттыгын караган ондогон дарыгерлердин каза болушу жарандык коомду кейиткен эң орчундуу маселе болду. Өкмөт четтен канча насыя, грант алды, кийин аларды төлөй алабы деген сөздөрдү активисттер көтөрүп жатат. Эксперттер «тышкы карыз Кыргызстандын эгемендигине жана туруктуулугуна чабуул коюуда» деген сөздөрдү айтышууда. Бүгүнкү күндө өкмөт, Финансы министрлиги кандай иштерди жүргүзүп жатат жана насыялар кандай төлөнөт деген стратегияны көрбөй жатабыз».
Ошондой эле уюм тараткан баяндамада коронавируска каршы күрөш үчүн донор уюмдардын берген каражаттарынын жана башка жардамдын ачыктыгы боюнча талаптар көз жаздымда калганы айтылат. Мамлекеттик жетекчилер алар тууралуу толук маалымат бере албаганы көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары уюмдун баяндамасына караганда, кризис маалында кыргыз өкмөтүнүн стратегиясы жок болгондуктан эл өзү уюшуп, кырдаалдан чыгууга мажбур болгон.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын эксперттери пандемия маалында Жогорку Кеңештин иши катуу сынга кабылганын, өлкө оор абалда турса каникулга чыгардын алдында парламент Конституцияга каршы келген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды талкуулап, сүрөп туруп алганын белгилешкен.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева коомчулуктун сынына мындайча жооп берди:
«Бул туура эле сын. Аны мойнубузга алышыбыз керек. Ушундай кыйын кырдаалда эл өкүлдөрү өзүлөрү шайланган аймактардагы элге жардам берип жүрдү. Бирок парламенттин эң негизги функциясы - баарыбыз бир муштумдай болуп чукул жыйындарга чогулушубуз керек болчу. Биз чече турган маселелер бар эле».
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму пандемия маалында үй-бүлө зомбулугу күчөгөнүн да айтат. Пандемия убагында киргизилген карантинге жана башка чектөөлөргө байланыштуу айрыкча абак жайларында адам укуктарынын абалы начарлап кеткен. Өзгөчө абал учурунда комендатуранын чечими менен жарандардын жана адвокаттардын ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилген. Ошондой эле баяндамада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) буйругу менен Кыйноого каршы борбордун жана акыйкатчынын кызматкерлерине жабык жайларды текшерүүгө тыюу салынганы көрсөтүлгөн.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму бир нече кайрылуу түшкөнүнө карабай укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө көз жумганы абак жайларында катаал шарттын далили деп эсептейт. Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларга токтолду:
«Түрмөдө каза болгон жалгыз эле Аскаров эмес. Пандемия учурунда абакта аялдар, жашы жете элек балдар, 65 жаштан өткөн кары адамдар кармалбашы керек. Алардын саламаттыгына дарыгерлер көз салгандан кийин альтернативалык негизде бошотулушу керек эле».
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы ошондой эле пандемия убагында маселени ачык айтып чыккан жарандар, дарыгерлер, журналисттер күч түзүмдөрүнүн кысымына туш болгонун белгилешет. Мындан сырткары эксперттер «үй-бүлөдө аялдарга, балдарга каршы зомбулук күчөп, жергиликтүү бийлик мындай маселени чечүүгө даяр эмес экенин көрсөттү» деген бүтүмгө келишкен.
Акыйкатчы Токон Мамытов пандемия убагында жабык жайларда жаткандардын ден соолугун текшерип, абалды билиш үчүн Акыйкатчы институту кабар алып турганын билдирди:
«Пандемия маалында жабык жайда жаткан адамдардын укуктары одоно бузулганы тууралуу өкмөттүк эмес уюмдар кандай талдоо жүргүзгөнүн билбейм. Бирок биз айрым уюмдар менен бирге абакта отургандардын абалын билип турдук. Мониторинг жүргүздүк. Анын негизинде одоно мыйзам бузулган учурлар катталган жок деп ачык айта алам. Анткени бизде тийиштүү документтер бар. Туура, дааратканаларында, жатаканаларында кемчиликтер бар. Медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги кечээ эле чыга калган жок да. Бул 30 жылдан бери келе жаткан маселе. Ал эми адам укуктарына байланыштуу адвокаттар, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бир канча убакыт абактарга кире албай калдык. Бирок буга түшүнүү менен мамиле кылуу абзел. Анткени жабык жайларга коронавирус илдети тарап кетсе, анын кесепети оор болмок».
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын пандемия учурундагы өлкөдөгү абал боюнча талкуусуна бийлик өкүлдөрү чакырылган эмес. Ошондуктан азырынча кыргыз бийлиги уюмдун билдирүүсүнө жооп бере элек.
Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун уюм мындай баяндаманы бийлик өкүлдөрү менен бирге жасашы керек деп эсептейт.
«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы өзүнүн донорлоруна отчёт бериш үчүн жашырынып алып тегерек үстөлдөрдү өткөрүп жатат. Алар биз сыяктуу өнөктөштөрүн, бийлик өкүлдөрүн чакырбай туруп эле бийликти каралаган, бир жактуу корутундуларды чыгарып жатат. Бул уюм буга чейин бийлик өкүлдөрү менен биргелешип өткөргөн онлайн жыйындарда Төлөкан айым аткарган иштери үчүн бийлик өкүлдөрүнө, коопсуздук кеңешине ыраазычылык билдирген учурлары болгон. Ошол жыйында ал бийликти каралаган ойлорун айткан эмес. Мен бул сөздөрүм менен бийликти жактаган жокмун. Туура, карантин учурунда бийликтин кемчиликтери да болду. Түрмөдө Азимжан Аскаровдон башка да кары адамдар бар болчу. Аларды, Аскаров менен кошо оорунун алдын алыш үчүн үйүнө убактылуу чыгарып койсо болот эле. Бирок өкмөт Кыргызстанда коронавирус чыгары менен ыкчам чара көрдү. Өлкөгө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин учурунда киргизүү менен бир топ адам өмүрүн сактап калды».
Өлкөдө пандемия күч алгандан бери бийликке, анын ичинен президентке карата айтылган сын-пикирлер күчөгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта «Биринчи радиодогу» маегинде Кыргызстанда мамлекет башчыга сын айткандан кийин суракка чакырылган блогерлер жана жарандык активисттер тууралуу оюн айтып, өлкөдө «күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги болушу керек экенин, бул мамлекеттин өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна пайдубал» болуп бере турганын белгилеген.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков «милиция сындаган активисттерди суракка чакырып жатса, бул да алардын иши экенин, бирок өзү президент катары мындай коргоого муктаж эмес» экенин айткан.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.