Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Оогандыктардын сүйлөшүүсү жакындады


Лойя Жырганын жыйыны. Кабул, 7-август, 2020-жыл.
Лойя Жырганын жыйыны. Кабул, 7-август, 2020-жыл.

Ооган өкмөтү жана «Талибан» кыймылы 18 жылдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуу максатында тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого бир кадам жакындап калышты.

Өткөн дем алыштарда Кабулда президент Ашраф Гани Улуттук кеңештин же Лойя Жырганын мүчөлөрү талиб согушкерлерин бошотуу тууралуу чечимди жактыргандан кийин тиешелүү буйрукка кол коёрун билдирди:

Президент Ашраф Гани. Кабул, 9-август, 2020-жыл.
Президент Ашраф Гани. Кабул, 9-август, 2020-жыл.

«Мындай документке эч качан кол коё албайт болчумун. Себеби, ал менин ыйгарым укуктарымдын чегинен чыгат. Эми сиздер акылдашып орток пикирге келип, моралдык чечим кабыл алгандан кийин 400 туткунду эркиндикке чыгаруу жөнүндө буйрукка кол коюп, андан кийин алар бошотулмакчы».

3 400 таасирдүү уруу аксакалдарынан куралган кеңеш маанилүү элдик маселелерди талкуулап, жөнгө салыш үчүн чогулуп турат.

Февралдын соңунда Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү түзгөн тынчтык келишиминин шарттарынын бири туткундарды айырбаштоо болчу. Андан кийин гана оогандардын өз ара диалогу башталмак.

АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад «жакынкы күндөрдө туткундар коё берилери менен Катардын борбору Дохада сүйлөшүүлөр өтөрүн» «Твиттерге» жазды. «Тараптар ооган согушун токтотуу максатында саясий жол картасын түзүү жана атышпоо боюнча туруктуу мунаса табуу процессинин үстүнөн иштешет. АКШ тынчтыкка жетүү жараянын, эгемен, бирдиктүү, демократиялык, өз ара жана кошуналары менен бейпилдикте жашаган, дүйнөгө коркунуч жаратпаган Ооганстанды курууну колдойт», деди Халилзад.

«Талибандын» басма сөз өкүлү Сухаил Шахин «Рейтерс» агенттигинин кабарчысына билдиргендей, кыймыл сүйлөшүүлөр үстөлүнө 10 күндүн ичинде отурууга көндү. Бирок Ганинин ок атышууну токтотуу талабын четке кагып, бул маселе азыр эмес, кездешүүдө чечилерин билдирди.

Кабул делегациясын Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын мурдагы төрагасы Масум Станекзай жетектеп бармакчы. Топко саясатчылар, мурдагы расмий адамдар, жарандык коом өкүлдөрү кирмекчи. Буга чейин өкмөт делегацияга беш аял камтыларын билдирген.

Лойя Жырганын жыйыны. Кабул, 7-август, 2020-жыл.
Лойя Жырганын жыйыны. Кабул, 7-август, 2020-жыл.

Конституцияга ылайык оор кылмыштар үчүн кесилген талиб согушкерлерин өз алдынча бошотууга Ганинин укугу жок болгондуктан, президент аксакалдар кеңешин чогултууну чечкен.

«Лойя Жырганын бүтүмү тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карай жолдо турган акыркы тоскоолдукту жойду. Тынчтык диалогуна бир кадам калды», - деди Улуттук кайра биригүү кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла.

Кабул бийлиги буга чейин талибдердин 4 600 туткунун эркиндикке чыгарган, февралдагы келишим боюнча бардыгы болуп беш миң кишини түрмөлөрдөн чыгармак. Бирок өкмөт калган 400 жоочуну өтө кооптуу деп баалап келген. Жарымына жакыны чет өлкөлөрдүн элчиликтерине, коомдук жайларга, мамлекеттик мекемелерге кол салуу, миңдеген карапайым кишинин өлүмү үчүн айыпталган.

«Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат.

Ноябрда кайра шайланууну көздөгөн АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак согушка чекит коюну, америкалык жоокерлерди үйгө кайтарууну каалай турганын айтып келатат.

8-августта Пентагондун башчысы Марк Эспер ноябрдын аягына чейин ооган жергесинде беш миңге жетпеген АКШ аскерлери каларын билдирди. Ооганстандагы куралдуу тирешүү Кошмо Штаттарда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон теракттардан кийин башталган.

Ал арада 9-августта ооган баш калаасындагы базарда болгон жардыруудан эки киши өлдү, беш полиция кызматкери жарадар болду. Акыркы күндөрдөгү кан төгүү үчүн негизинен «Ислам мамлекети» радикал тобун айыптап келатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG