Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Милиция абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчыларын алып кетти


“Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери кармап жаткан учур. 23-декабрь, 2024-жыл.
“Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператор Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери кармап жаткан учур. 23-декабрь, 2024-жыл.

Бишкектеги №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу кабарчылар билдирди.

Маалыматка ылайык, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.

Тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.

Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.

24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына таянуу менен алардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлады.

"Азаттыктын" социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да абакта жаткандардын жакындары кайрылып, камактагы туугандары сабалганы жөнүндө маалымат алып жатышканын даттанууда жана тактап берүүнү өтүнүүдө.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы жана абалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.

Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.

2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Ал аталган кызматтарда кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.

2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды. Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек.

Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG