Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуккан 14 адам катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди.

Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды.

Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат.

Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан жашаган жеринен (Панфилов району) коронавирус табылганын, ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынганын айткан.

Ал таза чыккандар обсервацияга алынарын, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантарын билдирген.

Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG