Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Премьер-министр баштаган өкмөт парламентке келет


Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште. 1-апрель, 2020-жыл.
Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште. 1-апрель, 2020-жыл.

Өкмөт мүчөлөрү акыркы кырдаал боюнча маалымат берип, өзгөчө абал шартындагы антикризистик программасы тууралуу айтып берет. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламентте билдирди:

«Саат 11де премьер-министр баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү келет. Чакырылган. Ошол убакта суроолорду берсеңиздер болот».

Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнөн коронавируска каршы күрөшүү чаралары тууралуу кагазга түшүрүлгөн маалыматтар менен даярданып келишин талап кылышты.

Парламент бүгүн, 30-апрель күнү Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу боюнча президенттин жарлыгын карайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG