Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Индонезияда карантинде үйдө отурбагандарды «ач арбак» менен коркутушууда


Индонезиядагы «ач арбак» сымал кийинген ыктыярчылар.
Индонезиядагы «ач арбак» сымал кийинген ыктыярчылар.

Индонезиянын Ява аралындагы Кепух айылында карантин маалында үйдө отурбагандарды «ач арбактар» менен коркутуп жатышат.

Мындай көрүнүш өткөн айда башталган жана «ач арбак» сымал кийинген ыктыярчылар түнү менен айыл аралап, үйүндө отургусу келбегендерди коркутуп жүрүшөт. Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында, ушул тушта түн жарымдап жүргөн жаштар азайды жана эл кечки намазга чогулбай калды.

Элдик уламыштардан улам жергиликтүү калк өз тилинде «покоң» деп атаган «ач арбактан» сестенет жана аларды «тиги дүйнөгө жетпей калган адамдардын жандары» деп эсептейт.

Соңку маалымат боюнча Индонезияда коронавирус 4,5 миңдей адамдан табылып, бул оорудан 400дөй киши көз жумду. Эксперттер бул сан алда канча көп болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Индонезияда жалпы өлкө боюнча катаал карантин жарыяланган эмес.

XS
SM
MD
LG