Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармакта улут аралык кастыкты козутуучу маалыматтарды жайгаштырган деген шек менен бир адамды кармады. Атайын кызмат Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган С.Н. 9-апрелде колго түшкөнүн билдирди.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси боюнча катталды. Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
УКМК жарандарды чагымчыл жана башка улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертти. (BTo)