Жалпы жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө 120 миң тоннадай күйүүчү май керектелет, бул өлчөмдө дыйкандарды камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди:
«Учурда өлкөнүн түштүк аймагында жазгы талаа иштери дээрлик аяктап калды. Түндүк тарапта эми башталууда. Жалпы керектелүүчү күйүүчү май бизде резервде бар. Эч кандай чектөө жок, Орусиядан вагон менен келип жатат».
Канат Эшатов күйүүчү майдын баасы да бир аз арзандап жатканын айтып кетти. Анын маалыматына караганда, 6-апрелде дагы арзандашы күтүлүүдө. Ага ылайык, күйүүчү майдын бүгүнкү баасына жараша жаңы келишим түзүлөт.
Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы маркасына жараша 36-43 сомдун айланасында.
Коронавирус апаатына байланыштуу дүйнөлүк соода-сатыкта мунай арзандап бараткан кези. 4-апрелде мунайдын «Brent» үлгүсүнүн бир баррели 35 доллар болду. Былтыр жыл этегинде бул көрсөткүч 65 долларга жетип турган. (ZKo)