Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

«Ош шамы» гезити жергиликтүү шайлоого карата аккредитациядан өтпөй калды


«Ош шамы» гезитинин ар кайсы жылдардагы логолору. Иллюстрациялык сүрөт.
«Ош шамы» гезитинин ар кайсы жылдардагы логолору. Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо үгүт өнөктүгүн чагылдыруу тууралуу өтүнүч менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 39 массалык маалымат каражатынан арыз келип түшкөн. Бул жөнүндө БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов Бишкектеги шайлоого арналган атайын жыйында билдирди.

Анын айтымында, «Ош шамы» гезити талап кылган документтерди толук тапшырбагандыктан, ага уруксат берилген жок. Калган 38 медиа мекеме аккредитациядан өттү. Алардын ичинде телеканал, радио, гезит жана Интернет басылмалары бар.

«Ош шамы» гезитинин башкы редактору Бурул Исмаилова алардын басылмасы аккредитациядан өтпөй калганын медиадан окуганын билдирип, бул жагдай ал үчүн түшүнүксүз болгонун айтты. Исмаилованын маалыматы боюнча, редактору документтерди электрондук түрдө жөнөткөн, кийин БШКнын бир кызматкери анын кагаз версиясын берүүнү талап кылып, экинчиси болсо кереги жок экенин билдирген. Ага карабай гезит өтпөй калганын ал санариптештирүүнүн кемчилиги катары баалады.

Угүт өнөктүгү шаардык кеңештерди шайлоого 13-мартта башталат, айылдык кеңештерди шайлоого 23-мартта башталат.

Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары шайланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG