Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандарды чектөө сунушталды


Ирандагы коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру.
Ирандагы коомдук транспортту дезинфекциялоо учуру.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырды. Министрлик мындай кат менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Министрлик ошондой эле жарандарды той, маарекелерди өткөрүүнү да азайтууга чакырып жатат.

«Биз намазга тыюу салууну эмес, ага катышкан адамдардын санын азайта турууну суранып жатабыз. Мен намазды үйдөн окуса деле болот деп ойлойм», - деди министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, учурда Кыргызстанга коронавирус боюнча 919 адамдан анализ алынып, баары таза чыккан.

Кыргызстанда бул илдеттин алдын алуу боюнча республикалык штаб түзүлүп, аны премьер-министр Мукамбедкалый Абылгазиев жетектеп жатат. Кытай менен чек ара жабылган.

Коронавирус же COVID-19 Кытайдын Ухань шаарында январь айында катталган. Эпидемияга байланыштуу шаар карантинге алынган. Учурда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты. Каза болгондордун саны 3000ден ашты. Акыркы маалыматтарга караганда коронавирус 46 өлкөдө катталды.

Буга чейин коронавирус чыккан Иранда жума намазга чогулууга тыюу салынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG