Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Иранда добуш берүү эки саатка узартылды


Тегерандагы шайлоочу. 21-февраль 2020-жыл
Тегерандагы шайлоочу. 21-февраль 2020-жыл

Иранда “добуш берүүчүлөрдүн көптүгүнөн” парламенттик шайлоодо добуш берүү эки саатка узартылды.

Бул тууралуу мамлекеттик телеканал жума күнү кабарлады.

Ашынган консерватор диниятчылардан турган Сакчылар кеңеши бардыгы болуп 7 миң 148 талапкерди жактырган. 290 орундуу парламентке ат салышабыз деген 9 миңдей кишинин талапкерлиги четке кагылды. Алардын арасында азыркы 90 депутат бар. Көбү байистүү же реформачыл мыйзам чыгаруучулар катары белгилүү.

Буга чейин байистүү үмүткерлердин четтетилишин сындап келген президент Хасан Роухани ирандыктар шайлоого активдүү катышып дагы бир “жеңишке” жетишет деп 21-февралда билдирди.

Добуш берүүнүн алдында Кошмо Штаттар Сакчылар кеңешинин беш мүчөсүнө санкция салды. Мамлекеттик департаменттин Иран боюнча өкүлү Брайан Хук талапкерлерди четтетүү менен “Иран эли эркин жана калыс шайлоо” укугунан ажыратылды деди.

Бийлик элдин катышуусу 50 проценттин айланасында болорун болжолдоп келген. 2016-жылы добуш берүүчүлөрдүн 62 проценти өз эркин билдиришкен.

Бул жолку шайлоо элдин коррупцияга, экономикалык начал кырдаалга нааразылыгы күчөп турган мезгилге туш келди. Өткөн күздө бензиндин баасын көтөрүү планы ири акцияларга алып келип, кагылышууларда бир нече киши каза тапкан.

Жыл башында украиналык жүргүнчү учактын ирандык аскерлер тарабынан атып түшүрүлүшү да сынга кабылган.

XS
SM
MD
LG