Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Коронавирус Кытайдын бардык аймактарында табылды


Бээжин шаары. 22-январь, 2020-жыл.
Бээжин шаары. 22-январь, 2020-жыл.

Өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус Кытайдын бардык провинцияларына жайылды. 30-январда буга чейин илдет каттала элек Тибет аймагында да бир адам инфекцияны жугузуп алганы аныкталды.

Өлкөдө вирустан каза тапкандардын саны 170 кишиге жетти. Баш-аягы 7700 адам коронавирусту жуктурганы ырасталды.

Дабасы табыла элек бул илдет Кытайдан тышкары дүйнөнүн кеминде 16 өлкөсүндө табылды. Айрым мамлекеттер Кытайдан жарандарын эвакуациялай баштады.

Австралия, Түштүк Корея, Сингапур жана Жаңы Зеландия Кытайдан кайтарылган жарандарын кеминде 2 жума изолятордо кармай турган болду. Кыргызстандын өкмөтү да Кытайдан кайтып келген 12 кыргыз студентинин саламаттыгына ооруканада мониторинг жүргүзүп жатканын билдирген.

Кытайдын Футбол ассоциациясы вируска байланыштуу өлкө ичиндеги бардык мелдештерди убактылуу токтотту.

XS
SM
MD
LG