Бул орус президентинин жыл сайын өтүп жүргөн салттуу 16-жолку кайрылуусу. Ага жыйындын мүчөлөрүнөн тышкары өкмөт мүчөлөрү, Конституциялык жана Жогорку соттун судьялары, жергиликтүү жана жогорку бийлик өкүлдөрү, саясатчылар жана журналисттер катышат.
2018-жылкы кайрылуусунда Путин өлкөнүн курал жаатында жетишкендиктерин өлкөнүн негизги ийгилиги деп белгилеп, алты өзөктүк куралын даңазалаган.
Владимир Путин 67 жашта. Ал 1999-жылы Орусиянын мамлекет башчысы болуп шайланган. Ошондон бери ал президент жана премьер-министр болуп иштеп келе жатат. Ал акыркы жолу 2018-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган.
Путин башкарган Орусия Крымдагы, Укранинанын чыгышындагы жана Сириядагы аракеттери үчүн коомчулук тарабынан сынга алынып, бир катар экономикалык жана саясий санкцияларга кабылган.
Сурамжылоолор да Путин башкарган Орусиянын экономикасы жай өнүгүп, өлкөдө жакырлык менен элдин нааразылыгы күч алганын көрсөткөн.