Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Демократтар Иран боюнча Трамптын укугун чектөөнү добуш менен чечет


Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

АКШнын Өкүлдөр Палатасы 9-январда президент Дональд Трамптын Иранга каршы согуш ачкан ыйгарым укуктарын чектөө маселесин добуш аркылуу чечет. Анын алдында демократтар басымдуулук кылган Конгресстин төмөнкү палатасы Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча «Ак үйдүн түшүндүрмөсү ынандырбайт» деп билдирген.

Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси «конгрессмендер президенттин администрациясынын Иранга каршы аскердик иш-аракеттерди баштоо боюнча чечимине жана андар аркы стратегиясы жоктугуна өтө камтама болуп жатат» деп билдирди.

Эгер Өкүлдөр Палатасы мындай резолюция кабыл ала турган болсо, бул документ республикачылар көптүк кылган Сенатта колдоо таппай калышы мүмкүн.

Дональд Трамп 7-январда Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал боюнча билдирүү жасады. Анда өзү президенттик кызматта турганда Ирандын өзөктүк куралга ээ болушу жол бербей турганын билдирди.

Мунун алдында Иран АКШнын Ирактагы эки аскердик базасына баллистикалык ракета менен сокку урган.

Вашингтон менен Тегерандын мамилеси өткөн аптада америкалык күчтөр Багдадда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн бери курчуп жатат.

XS
SM
MD
LG