Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору 16 млрд. 9 млн. сомду түзүүдө. 2021-жылга божомолу 14 млрд. 661 млн. сом, 2022-жылга божомолу 17 млрд. 215 млн. сом болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңеште «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, 19-декабрда үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каражаттарын негизги булагы - республикалык бюджет жана Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрү.
Депутаттар Эсептөө палатасы "каражаттардын толук түшпөй калуу тобокелчилиги бар" деген корутунду бергенин эске салып, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда реформа жүргүзүүнү сунуш кылышты. Айрыкча дары-дармектерди сатууда, мамлекеттик кепилдик каражаттарын бөлүштүрүүдө, кардарларды тейлөө жаатында коррупциялык иш-аракеттер бар экени белгиленип, социалдык теңсиздикти жоюу, тендерлерди калыс өткөрүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын калкынын саны 5 млн. 800 миң, анын ичинде 3 млн. адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар. (SE)