Бүгүн дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аялдарга карата өкүмзорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы жыйынтыкталат.
Өнөктүк алкагында өкмөт, эл аралык уюмдар жана активисттер түрдүү иш-чараларды өткөрүштү.
Жыл сайын 25-ноябрда 16 күндүк акция баштоо тууралуу чечимди 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.
Акция 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.
ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөдө жасалган зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Быйыл он айда Кыргызстанда мындай 5185 факт катталган. (RK)