Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Кытай АКШга санкция киргизди


Гонконгдогу акция, 1-декабрь, 2019-жыл.
Гонконгдогу акция, 1-декабрь, 2019-жыл.

Кытай Кошмо Штаттарга жана баш кеңсеси АКШда жайгашкан бир катар өкмөттүк эмес уюмдарга каршы санкция киргизди. Алардын арасында «Human Rights Watch» жана «Freedom House» уюмдары бар. Кытай бийлиги бул уюмдарды «Гонконгдогу акцияларды колдоп жатат» деп айыптады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Вашингтондун «жоопкерчиликсиз кылык-жоругун» айыптап, «Бээжиндин ички ишине кийлигишти» деп сындады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Гонконгдогу демократияны жана адам укуктарын коргоого багытталган эки мыйзамга кол койгон. Бул документтерде «АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек» деген жобо бар.

Эгер Вашингтон Гонконг жетиштүү деңгээлде көз каранды эмес деп табылса, соода-сатыктагы айрым бир артыкчылыктар токтой турганы көрсөтүлгөн. Адам укуктарын бузду деген жогорку кызмат адамдарына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары АКШ Гонконгго полиция жабдууларын жана техникаларын экспорттоого тыюу салган.

Буга байланыштуу Кытай бийлиги дүйшөмбүдөн тартып америкалык аскердик кемелер менен учактардын Гонконгго барышы тууралуу өтүнүчүн кароону токтотту.

XS
SM
MD
LG