Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Түндүк Корея белгисиз үлгүдөгү эки ракетасын учурду


Түндүк Кореянын ракета сыноосу тууралуу кабарды көрүп отурган адамдар. Сеул, Жапония. 31-октябрь, 2019-жыл.
Түндүк Кореянын ракета сыноосу тууралуу кабарды көрүп отурган адамдар. Сеул, Жапония. 31-октябрь, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын аскерлери Жапон деңизин көздөй белгисиз үлгүдөгү эки ракетасын учурду. Бул тууралуу 31-октябрда Түштүк Корея менен Жапониянын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Пхеньяндын ракета сыноосу Кошмо Штаттардын Түндүк Корея менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга жана анын өзөктүк программасын чектөөгө байланышкан сүйлөшүүлөрү туңгуюукка кептелип турган учурда болду.

Түштүк Кореянын штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин маалыматында үлгүсү белгисиз эки ракета 31-октябрда күндүз Түштүк-Пхёнан провинциясынан атылган. Ал эми Жапониянын Коргоо министрлиги "баллистикалык ракета" атылганын, ал "Жапониянын аймагына түшпөгөнүн" кабарлады.

Бул окуяга байланыштуу Түштүк Кореянын Коопсуздук кеңеши чукул жыйын өткөрдү. Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти кырдаалга көз салып, Түштүк Корея жана Жапония менен маалымат алмашып жатканын билдирди.

27-октябрда Пхеньян Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүдө эч кандай жылыш болбогонун кабарлаган.

Февралда Вьетнамда ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүдө Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан акырындык менен баш тартуу, анын ордуна санкцияларды азайтуу боюнча сунушун четке каккан. Америка тарап Пхеньян өзөктүк программасын толугу менен токтотушу керек деп эсептейт.

Америкалык талдоочулар Түндүк Корея бул ракета сыноону сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтонго басым көрсөтүш үчүн жүргүзүп жатат деп эсептейт. Бул сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын өзөктүк программасын толук токтотууну, анын ордуна Пхеньянга каршы киргизилген АКШнын бардык санкцияларын алууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG