«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 23-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн -3…2, күндүз 15…20;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…2, күндүз 12…17;
Нарында түнкүсүн -4… сууктан +1 жылуу, күндүз 8…13 жылуу;
Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 18... 20° жылуу болот.