Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Мамдепартамент элчи Сондландга Конгрессте көрсөтмө берүүгө тыюу салды


Гордон Сондланд.
Гордон Сондланд.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттардын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондландга Өкүлдөр палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында көрсөтмө берүүгө тыюу салды. Анын адвокаты тараткан билдирүүдө «элчи өз эрки менен Конгресстин үч комитетинин жыйынында көрсөтмө берүүгө макул болгон, ошон үчүн Брюсселден Вашингтонго атайын учуп келген. Мамлекеттик департамент макул болор замат ал конгрессмендер каалаган учурда алардын суроолоруна жооп бере алат» деп айтылат.

Мамдепартамент Сондландын көрсөтмө беришине эмнеге каршы болуп жатканы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «республикачылардын укугу тебеленген, чындык ачыкка чыкпаган жерге элчи Сондландды жибербей турганын» жазган.

Элчи Сондланддын аты өткөн аптада Конгрессте АКШнын Украинадагы мурдагы өкүлү Курт Волкер көрсөтмө берип жатканда аталган.

Өткөн айда АКШда Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу саясий жаңжал чыккан. Андан Трамп башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулунун Украинадагы иштерине байланыштуу иликтөө жүргүзүү тууралуу ынандырууга аракет кылганы белгилүү болгон. Ушундан улам демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы аны «ыйгарым укуктарынан аша чапты» деп күнөөлөп, импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Дональд Трамп муну «президентке ыдык көрсөтүү» деп баалаган.

XS
SM
MD
LG