Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Депутат айымдар форуму Сарууда өткөн шайлоону талкуулайт


Саруудагы шайлоо.
Саруудагы шайлоо.

Жогорку Кеңештин депутат айымдар форуму Саруу айылдык кеңешинде өткөн шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү, айылдык кеңешке ат салышкандар жана гендердик саясат боюнча эксперттер менен чукул жыйын өткөрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жыйында жергиликтүү кеңештерде аялдарга берилген 30 пайыздык квота маселеси каралат. Ошондой эле 22-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аял талапкерлерге болгон басым талкууланат. Андан тышкары шайлоонун жыйынтыгы тууралуу сөз болот.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесине ылайык акыркы жыйынтык 20 күндүн ичинде чыгышы керек. (BTo)

XS
SM
MD
LG