Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Ош мэриясы 3-орунда турган фирма тендерди кантип жеңгенин түшүндүрдү


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Шакиров көчөсүндөгү жолдун курулушун көрүп жаткан учуру.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов менен Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов Шакиров көчөсүндөгү жолдун курулушун көрүп жаткан учуру.

Ош шаарынын мэриясы калаанын Аскар Шакиров көчөсүн оңдоо боюнча тендерде үчүнчү орун алган фирма кантип жеңүүчү болуп калганы тууралуу «Азаттык» радиосуна түшүндүрмө берди.

Мэриянын Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов биринчи жана экинчи орун алган «Чинизасайана», «Кушчу» фирмалары алар койгон талаптарга толук жооп бербегенин билдирди. Ошол себептүү комиссия тапшырманы аткарууга толук компетенттүү болгон «ТАС и КО» жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп тапкан. Жунусов «талап» жана «тапшырма» деп атаганы менен ал кандай эрежелер экенин так санап айткан жок.

Мэрия өкүлү ошондой эле курулуш иштерин бүткөрүү мурда айтылгандай октябрда эмес, ноябрда деп белгиленип жатканын, буга коммуникацияларды оңдоо жумуштарынан улам маселе чыкканы себеп болгонун айтты.

Мунун алдында жергиликтүү активисттер «Азаттыкка» кайрылып, Шакиров көчөсүн асфальттоо боюнча тендердин жыйынтыгы күмөн жаратып жатканын айтып, мүмкүн болсо тактап берүүнү өтүнүшкөн.

Мамлекеттик сатып алуу порталындагы аталган тендердин маалыматтарына ылайык, «Чинизасайана» фирмасы 64 миллион 391 миң сом, «Кушчу» фирмасы 64 миллион 857 миң сом сунуш кылган. Азыр көчөнү оңдоп жаткан «ТАС и КО» компаниясы жумуштарды аткарууга 69 миллион 159 миң сом сураган.

Тендерге катышкан башка фирмалар «Амантур Строй Сервис» (74 миллион сом), «Жагалмай» (74 миллион сом), «КС Интер» (87 миллион сом) жана «Сын-Таш» (94 миллион сом) фирмалары андан чоңураак каражат сунуш кылышкан.

Курулуштун сметалык баасы 105 миллион сомду түзгөн. Конверттерди ачып, тендердин жеңүүчүсүн аныктоо иши июнь айында болуп, жыйынтык бүтүм июль айында чыккан. Асфальттоо иштери ошондон кийин башталды.

Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөндөй, «ТАС и КО» компаниясынын жетекчиси - Каныбек Мусаев, ээси - Мирбек Саттиев. (ErN)

XS
SM
MD
LG