Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Касымалиева: Саруудагы шайлоодо аялдардын укугуна басым болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Саруу айылында жергиликтүү кеңешке шайлоодо аял талапкерлерге басым болгонун билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы менен маектешкен учурунда айтты.

- Кечээ жергиликтүү шайлоодо аялдарга басым болгонун уктук. Ал жерде айрымдар аялдарга келип, сөз менен басынтышканын уктук. Бул абдан өкүндүрөт. Бирок бул тескерисинче аялдарды чыйралтып, алдыдагы шайлоолорго жакшы даярдык көрүү зарыл экенин көрсөттү, - деди Касымалиева.

22-сентябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылдык кеңешинин депутаттары шайланды. Анда айылдык үч округдун 5 193 шайлоочусу төрт шайлоо тилкесинде добуш берди.

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. 70тей талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда алар «жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген өзгөрүүгө макул эмес экенин билдиришкен.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомуна Сооронбай Жээнбеков 13-августта кол койгон. Аны ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш кабыл алган эле.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

XS
SM
MD
LG