Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин агасынын уулу Нурбек Шаршенов жана тарапкери Кундуз Ажыбекова Улуттук коопсуздук комитетинин Чүй облустук башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, аларды УКМКнын кызматкерлери Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнөн алып кетишкен.
Жолдубаева бүгүн ИИМге сурак берип чыкканын, азыр төртүнчү жолу чакырылып, кайра баратканын билдирди.
7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операция учурунда УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлери менен тарапкерлери ортосунда кагылышуу болгон. Анда жалпысынан 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду.
8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды.
Учурда анын бир нече тарапкери суралып, алардын ичинен төрт адам: президенттин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. (BkA)