Америкалык дипломаттар соңку бир канча айдан бери тынчтык келишимин түзүш үчүн бул кыймылдын өкүлдөрү менен байма-бай жолугуп жатышат.
Талибдер буга чейин ооган өкмөтү менен АКШ чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана тынчтык келишимине көнөрүн билдирип шарт койгон болчу.
Залмай Халилзад Катар мамлекетинде «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүнүн сегизинчи айлампасы өтө жемиштүү болгонун «Твиттердеги» баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. Ал мындан ары АКШнын өкүлдөрү талибдер менен Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча төрт тараптуу келишимдеги «айрым техникалык жагдайларды жана жол-жобону» тактап-талкуулоону улантарын кошумчалады.
«Мен «Талибан» менен тынчтык келишимине байланыштуу айрым маселелерди талкулаш үчүн Дохада бир канча күн жүрдүм. Анда чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу шарттары каралган. Биз болуп көрбөгөндөй ийгиликке жеттик», деп жазды Халилзад.
Келишимдин шарттары тууралуу азырынча кабар бериле элек. Буга чейин айрым америкалык басылмалар расмий Вашингтон Ооганстандагы аскерлеринин санын 14 миңден 8 миңге чейин азайтууга макул болгонун, ал эми талибдер ок атууну токтотуп, «Аль-Каида» уюмунан баш тартууга көнүп жатканын жазышкан.
Өткөн айдын аягында Залмай Халилзад «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматынын суроолоруна жооп берип жатып, тынчтык келишимине жетишүүнүн төрт шартын атаган. Алар - чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү, «Талибан» уюштурган теракттардын алдын алуу кепилдиктери, ооган аралык диалог жана ок атышууну биротоло токтотуу.
«Биз ооган өкмөтү менен «Талибандын» тынчтык келишимине жетишүү жана тынчтык орнотуу багытындагы соңку кадамдарды аныктап алдык. Ооганстан Ислам Республикасынын атынан катышчу делегация белгилүү болду. Техникалык көмөк, колдоо көрсөтө турган топ да түзүлүп бүттү. Ушундай жакшы кадамдар жасалууда», - деген эле Халилзад.
«Талибандын» өкүлдөрү аталган топ тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ооган өкмөтү менен АКШ чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашкандан кийин гана барарын айтып шарт коюшкан.
АКШ «Талибандын» мындай талабына макул экенин, ошол эле кезде Ооганстан террордук топтордун жайына айланбайт деген кепилдик зарыл болорун билдирген.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 6-августта Ооганстанда тынчтык орной турган күн жакындады деген ишеничин билдирди:
«Биз азыр Ооганстанда тынчтык орнотуунун чыныгы мүмкүнчүлүгүн көрүп турабыз. Биз тынчтык келишимин түзүүгө мурда болуп көрбөгөндөй жакындадык жана НАТО саясий чечим кабыл алууну кош колдоп колдойт. Биз Ооганстанда керегибиз тийбей калганга чейин гана болобуз. Бирок биз ийгиликтерибизге ишенгендей болушубуз керек. Ооганстан эл аралык террорчулар байырлаган аймакка айланбашы керек. Бул биздин коопсуздук үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле бейпилдик социалдык өнүгүү болгондо гана орнойт. Бул жерде аялдардын ролу маанилүү. Биз азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ушуларга басым жасап жатабыз жана биз Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүнө шарт түзүш үчүн гана турганыбызды билдирип жатабыз».
Талибдер ооган бийлигин «Батыштын кол баласы» деп айыптап, алар менен жолугушуудан, сүйлөшүүдөн баш тартып келатышат.
Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр уланып жатканына карабай, дээрлик күн сайын адам өлүмү менен коштолгон чабуулдар болот.
Расмий Вашингтон 1-сентябрга - Ооганстандагы президенттик шайлоого чейин тынчтык келишимин түзүүгө жетишүүгө ниеттенип турат. Шайлоо 28-сентябрга белгиленген.
Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт.
АКШ Ооганстанда 2001-жылдан тартып талибдерге жана башка куралдуу топторго каршы аскердик операция өткөрүп жатат. Ушул кезге чейин жаңжалда 2300дөй америкалык жоокер ажал тапты.
Өткөн айдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы бул өлкөдөгү жагдай тууралуу соңку баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жыл башынан бери ар кандай жаңжалдар менен куралдуу кагылыштарда 1366 адам өлүп, дагы 2446 киши жараат алды.
Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, адам өлүмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 27 пайызга аз катталды. 2018-жылы мындай көрсөткүч эң жогорку чекке жеткен эле.
БУУ адам өлүмү азайганын кубаттаган, бирок согуштун тынч жашаган адамдарга тийгизген кесепет-залалы дагы эле чоң экенине өкүнүчүн билдирген.