Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:13

Тажик оппозициясы Рахмонго каршы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылды


Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" бозгундагы лидери Мухиддин Кабири.
Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" бозгундагы лидери Мухиддин Кабири.

Тажикстанда Эмомали Рахмон башкарган режимдин куугунтугуна кабылып келген оппозициялык саясатчылар президентке жана өлкө бийлигине каршы Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна арыз менен кайрылышты. Аларга чет өлкөлөрдөгү укук коргоочулар да кошулуп, Тажикстан жетекчилигин адамзатка каршы кылмыштарга барган деп айыптап жатышат.

Арыз жолдонгонун Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" бозгундагы лидери Мухиддин Кабири социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

"Эми иш Эл аралык кылмыш сотунун прокурорлорунда. Ал (Рахмон) жакын арада тажик элине каршы жасалган бардык кылмыштары үчүн жооп берерине үмүттөнөм", - деди Кабири.

Арыз жолдонгонун юрист Николя Линьёль да LinkedIn социалдык түйүнүндө бышыктады. Анын айтымында, Эл аралык ыктыярчылардын украин фонду (FUVI), Freedom For Eurasia жана Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу партиясы" Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, Тажикстан бийлигинин репрессиялык саясатын ачыкка чыгарууну көздөшкөн. Жарыяланган маалыматка караганда, тергөө үчүн 60тан ашык документтештирилген факт негиз боло алат. Алардын катарында кыйноо, зордуктоо, сотсуз жазалоо жана өлкөдөн мажбурлап чыгарып жиберүү фактылары бар.

Мухиддин Кабири "Настоящее Время" телеканалына курган маегинде Эл аралык кылмыш соту Тажикстандын жогорку жетекчилигин камакка алуу жараянын баштайт деген ишеничин бөлүштү.

"Биз эл аралык юристтер менен бул багыттагы ишти төрт жыл мурун баштаганбыз. Ал кезде биз көп чуу чыгарбай, коомчулукка жарыялабастан, терең жана олуттуу негизде иш алып барууну чечтик. Азыр биздин арыздын көлөмү 250 беттен ашат. Андан видеоматериалдар, аудиожазмалар, күбөлөрдүн жеке көрсөтмөлөрү бар", - деди Кабири.

Тажикстан бийлиги бул маселе боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG