Бул тизме эмне үчүн маанилүү? Андагы кыргызстандыктар кимдер жана алар бөтөн жердеги согушка кантип, кандай шартта катышып калышкан? "Азаттык" ушул жана башка суроолорго жооп издеди.
"Бир ок тийген жерин таппадым. Кайсы жерине тийди деп сурадым. Ал мага желкесин кара деп айтты. Көрсө желкесине сынык тийген экен".
Украин өкмөтүнүн “Хочу жить” долбоору бейшемби күнү эртең менен жарыялаган тизмеде Абдулазиздин (аты өзгөртүлдү) бир тууган агасынын да аты-жөнү бар. Анын 57 жаштагы агасы Украинанын Авдеевка шаарынын жака белиндеги кармашта дрон сыныгы каракуш мээсине тийип, кансырап каза болгону "кара кагазда" жазылган. Тизмеде ал жаран 2024-жылдын январь айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп согушка кеткени, бир айдан кийин набыт болгону да белгиленген.
"Москвада согушка жиберген канча аскердик комиссариат болсо, баарын кыдырдык. Буларды тизмеге ала берет экен. Бирок базага киргизбейт экен. Аны жанындагылар эле "Мен согушка бардым, мага баланча акча берди" деп [азгырды окшойт]. Ал деле ушундай сөздөрдү угуп туруп, кеткиси келген окшойт. Биздин билгенибиз ушул. Башка нерсе жок".
Абдулазиздин айтымында, Орусияда мигрант болуп жүрүп, согушта өлгөн агасынын сөөгү былтыр жайында анын Жалал-Абаддагы туулуп өскөн айылында жерге берилген. Ошол күндөн тартып үй-бүлө орус өкмөтүнөн кенемте алууга аракет көрүүдө. Абдулазиз өкмөт убада кылган акчанын жарымы гана берилгенин кошумчалады.
Тизмедегилердин аты-жөнүн салыштырып отуруп социалдык тармактарда жакынын издеген тайпаларга туш болдук. Биз Украинанын "Хочу жить" долбоору жарыялаган кыргызстандыктардын тек-жайы ал тайпалардагы дайынсыз жоголгондордун тизмесинде да бар экенин аныктай алдык.
Алардын бири 51 жаштагы кыргызстандык Москва облусундагы аскер бөлүгүнөн согушка кеткен экен. Анын сүрөтүн коштогон маалыматта 2023-жылдын ноябрынан бери байланышка чыкпай калганы жазылган. Жакындары 2024-жылдын башында издөө жарыялап, тайпаларга жайгаштырган. "Азаттык" бул жарандын аты-жөнүн аныктап, Кыргызстанда жашаган жакындарын таап, байланышты:
"Согушка кеткенин билген деле эмеспиз. Ал үй-бүлөсү менен Орусияда жашачу. Бирок орус жарандыгы жок болчу. Сөөгүн мен өзүм да көрдүм. Бир тарабы күйүп кеткен экен. Бизге аскер формасы же бир да буюму келген жок. Эмнеден каза болгону азыр деле бүдөмүк бойдон калды. Сөөгүн жерге берип, кала бердик", - дешти туугандарынын бири.
Бул жарандын сөөгү 2024-жылы март айында Кыргызстандагы өз айылында жерге берилген.
"Азаттык" "Хочу жить" долбоору Телеграмга жарыялаган тизмени башка ачык булактар аркылуу да салыштырып, талдап көрдү. Андагы адамдардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын шайлоочулар тизмесинде бар экенин бышыктай алдык.
Тизмедеги кыргызстандык деген 360 адамдын басымдуу бөлүгү Украинадагы согушка 2023-2024-жылы жиберилген. Алардын эң кенжеси 18 жашта, улуусу 63тө. Кеминде 38 адам каза болгондугу тууралуу маалымат бар. Аталган долбоор бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
"Биздин ички булактар аркылуу алган маалыматтарга ылайык, Орусиянын катарында согушкан башка өлкөнүн жарандары көп экенин билебиз. Алардын арасында борборазиялыктар да бар. Бирок, биздин пикирде, бул өлкөлөрдөн согушка катышкан, дайынсыз жоголгон же каза болгондордун саны алда канча көп. Алардын көбү 2024-жылы Украинанын чыгышындагы салгылашууларда каза болгону аныкталды", - деди Украинанын согуш туткундары менен иштеген кеңешинин өкүлү Богдан Охрименко.
"Азаттык" жарыяланган тизмеде согушка Орусиянын абактарынан кеткендер да бар экенин аныктады. Маселен, 35 жаштагы А.Ж.Т 2024-жылдын 5-майында согушка кеткени ошол эле жылдын 20-майында каза болгондугу жазылган. Бул жаран көп жылдан бери Екатеринбург шаарында иштеп, 2022-жылы киши өлтүрүү беренеси менен тогуз жылга кесилгенин аныктадык. Демек, ал түрмөгө түшкөнүнө эки жыл толуп-толбой согушка жөнөтүлгөн.
Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек. Бирок кыргыз бийлиги Украинадагы согушка нейтралдуу позицияда экенин белгилеп, башка өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышкан кыргыз жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип жүрөт. Украинада согуш башталгандан бери орус күчтөрүнүн катарында согушкан кеминде эки кыргыз жараны сот жообуна тартылган.
Буга чейин кыргыз жарандары Украинадагы согуштун эки тарабында тең согушуп жүргөнү утур кабарланганы менен алардын так саны жана маселенин масштабы белгисиз болуп келген. "Хочу жить" долбоорунун тизмеси согушка катышкан кыргыз жарандары буга чейин маалымат каражаттарында айтылгандай кыйла көп экенин көрсөттү.
"Бул тизме, албетте, толук масштабды көрсөтпөйт. Бирок, ошентсе да, кыргыз өкмөтүнө коңгуроо болуш керек. Анткени согушка кеткендердин көбү кандайдыр бир мажбурлоо болгонун айтышат. Демек, бул кыргыз өкмөтү, ошол эле кезде Борбор Азиянын башка өлкөлөрү да сыртта жүргөн жарандар менен тиешелүү иштерди толук аткарбайт дегенди билдирет. Борбор Азиянын миллиондогон жараны сыртта жүрөт. Алардын өкмөттөрү жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, агартуу иштерин аткаруусу керек", - деди мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков.
"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.
Соңку бир жылдан ашык убакыт ичинде Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Шерине