Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

АФК кыргыз футболчуларын жазалады


Курсанбек Шератов, Ильяс Алимов, Абдулазиз Махкамов жана Владимир Верёвкин. (солдон оңго карай)
Курсанбек Шератов, Ильяс Алимов, Абдулазиз Махкамов жана Владимир Верёвкин. (солдон оңго карай)

Азия футбол конфедерациясынын (AFC) тартип жана этика комитети кыргызстандык футболчуларды оюндарды сүйлөшүп алып ойногону үчүн өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти.

Алардын арасында Бишкектин «Дордой» командасынын мурдагы оюнчусу жана Оштун «Алай» футбол клубунун учурдагы бир жана мурдагы эки оюнчусу бар.

АФКнын тартип комитетинин маалыматына караганда, алар клубдары 2017-2018-жылдары АФК Кубогуна катышып жаткан учурда манипуляция жасашкан.

Азия футбол конфедерациясынын (AFC) тартип жана этика комитети Бишкектин «Дордой» командасынын мурдагы оюнчусу Курсанбек Шератовду, Оштун «Алай» футбол клубунун дарбазачысы Абдулазиз Махкамовду (Тажикстандын жараны), ушул эле клубдун мурдагы оюнчулары Ильяс Алимов менен Владимир Верёвкинди өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти.

Курсанбек Шератов АФК кубогуна «Дордойдун» капитаны катары чыккан учур. 15-май, 2019-жыл.
Курсанбек Шератов АФК кубогуна «Дордойдун» капитаны катары чыккан учур. 15-май, 2019-жыл.

АФКнын тартип комитети эки жылга жакын созулган иликтөөдөн кийин аты аталган футболчулар 2017-2018-жылдары АФК Кубогуна катышып жаткан учурда манипуляция жасашкан, Курсанбек Шератов бул оюнга байланышкан букмекерлик ишмердүүлүктү колдогон деп тапты.

Эки команда тең 2017-2018-жылдары Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тайпалык тандоо оюндарынан чыга алган эмес.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын жыйынтыгы тууралуу комментарий берди.

Канатбек Маматов.
Канатбек Маматов.

«Бул башка оюнчуларга сабак болушу керек деп ойлойм. Анткени азыр букмекерлик кеңселердин өкүлдөрү Кытайдан, Москвадан келип футболчуларга ушундай сунуштарды беришет экен. Мындай учурда оюнчулар ойлонушу керек. Биринчиден, алардын артында клуб турат. Экинчиден, улуттук курама, мамлекет турат. Футболчуларда «мен аларды кантип сатып жиберем?» деген ой болуш керек. Биз оюнчулар менен бул боюнча дайыма эле иш жүргүзүп турабыз. Бирок акчанын күчү бар экен да. Кээ бирөөлөр ушул жагына алдырып коёт».

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султановдун айтымында, сөз болуп жаткан футболчулардын үстүнөн текшерүү ал федерацияны жетектеп турганда эле башталган. Бул иште футболчулардан тышкары командалардын машыктыруучулары менен менежерлеринин аты аталган.

«Төрт баладан башка дагы үч-төрт фамилия жүргөн. Балким аларга каршы жетиштүү далилдер жок болгондуктан жоокерчиликтен боштулушкан чыгаар. Бул бир гана оюнчуларга эмес футбол клубунда иштеген бардык кызматкерлерге тренер, менежер, дарыгерлерге чейин тиешелүү. Анткени кылмыштуу топтор ким менен сүйлөшө алса жана футболчуларга кимдин таасири болсо ошолор менен байланышканга аракет кылышат».

Кыргызстандык беделдүү делген эки клубдун оюнчуларына тагылган доомат ансыз да араңжан кыргыз футболуна кедергисин тийгизерин айткандар көп.

Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

«Мунун таасири албетте тиет. Анткени бул футбол эмес эле ыплас нерсе. Биздин футбол ансыз деле оор абалда турганда мындан аркы келечегине тоскоол болот. Андан тышкары кийинки муунга да туура эмес үлгү болуп жатат. Алар «таза ойнобой деле тыйын тапса болот экен» деп ойлоп калышат да», - деди Семетей Султанов.

Курсанбек Шератов Кыргызстандын курамасынын жана «Дордой» клубунун коргоочусу болчу. Анын «Дордой» менен болгон келишими июль айында токтогон.

Ильяс Алимов да Кыргызстандын курамасынын катарында ойногон. Ал ушул сезондун башында «Алай» клубунан «Нефтчи» клубуна өткөн. Абдулазиз Махкамов оюнун «Алайда» эле улантууда. Клубдан кабарлашкандай, Махкамов учурда AФКнын чечимине каршы арыздануунун жол-жобосун карап жатат. Кыргызстандын Премьер-лигасынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Владимир Верёвкин болсо карьерасын жыйынтыктаган.

Аты аталган фуболчулар аларга коюлган доомат тууралуу комментарий берише элек.

«Дордой» клубунун басма сөз катчысы Теңгелбес Мусаев билдиргендей, Азия футбол конфедерациясы спортчу Курсанбек Шератовго гана жаза берип, клубга эч кандай күнөө койгон эмес.

««Дордой» клубуна санкция салынып, акчалай айып тагылган жок. Ошондой эле упайлары кемитилген эмес. Эгерде кандайдыр бир чара көрүлсө, анда Азия футбол конфедерациясы тараткан маалыматтан көрмөкпүз. Ал жерде бир гана оюнчулардын аты аталууда».

Ал арада Футбол боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасы Азия футбол конфедерациясынын оюнчуларга карата чечиминен кийин алардын Кыргызстандын ичиндеги жана эл аралык мелдештерге чыгуусуна тыюу салганын жарыялады. Бул боюнча Кыргызстандын Премьер-лигасынын басма сөз катчысы Александр Скрябин мындай деди.

«Кыргызстанда клубдар арасында чемпион болгон жана экинчи орунду алган клубдар АФК Кубогуна ат салышат. Ошондуктан биз ал оюнчуларды оюнга киргизе албайбыз. Алар кандай гана өлкөдө, кандай гана мелдеш болбосун катыша алышпайт. Футболчулар Азия футбол конфедерациясынын иликтөөсүнө каршы апелляция бербесе алардын карьерасы толук жыйынтыкталат. Эгерде каршы арыз берип утуп кете турган болсо, кайра футболго кайтып келүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул жок эле дегенде бир жылды талап кылат. Биз эми клубдар же оюнчулар өздөрү арыз береби күтүшүбүз керек».

Мындай окуя Кыргызстандын футбол тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Спорт талдоочулар оюнчулардын мелдештерде келишип алып акча жасаган учурлары спорттун кандай гана түрү болбосун кайталанып келген көрүнүш экенин айтышууда. Спорт журналисти Адилет Керимбек уулу бул кыргыз футболуна сабак болушу керек деп эсептейт.

Адилет Керимбек уулу.
Адилет Керимбек уулу.

«Бул окуя эки чоң клубдун ишмердигине, алардын машыктыруучулары менен менежерлерине көлөкө түшүрүп жатат. Ошондой эле башкы машыктыруучулардан баштап клубдун президенттери да дыкат иш алып барышы керектигин көрсөттү. Кыргызстандын Премьер-лигасын айтпаганда да Азия футбол конфедерациясынын кубогунда ушундай иштин болушу жетекчилер жакшы иштебегенинен кабар берет. Анткени ар бир оюнчуну көзөмөлдөш керек болчу».

«Дордой» жана Оштун «Алайы» Кыргызстандагы эң чоң клубдар болуп эсептелет. 1997-жылы түптөлгөн «Дордой» клубу футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону.

Ал эми Кыргызстандын төрт жолку чемпиону «Алай» клубу 1960-жылы алгач «Ош» деп түзүлүп, кийин «Алай» деп өзгөртүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG