Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган тасмаларды көрсөткөн маалымат каражаттарына эскертүү берди.
Бул тууралуу 31-июлда "Азаттык" радиосуна УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Асель Адылбек билдирди:
- Мындай мааламаттардын жана телеберүүлөрдүн авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу УКМК авторлорго коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет.
Ошону менен катар УКМК "Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгонун" белгиледи.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, азыркы убакта айыпталуучулар изделүүдө.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
1-августта ал 70 жашка толот.
30-июлда НьюТВ жана НурТВ телеканалдары аны жактап, куттуктаган тасма көрсөткөн. (RK)