Кыргыз өкмөтү 2019-2023-жылдарга Бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 25-июлда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Аткаруу бийлиги документ бажы процесстерин автоматташтырууга (санариптештирүү), бажы операцияларын тездетүүгө, жөнөкөйлөштүрүүгө жана коррупциялык иштерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берерин жарыялады.
Аталган стратегиянын негизинде аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды. Анда «бажы процесстерин автоматташтыруу жана кагазсыз декларациялоого өтүү аркылуу бажы операцияларын тездетүү, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн натыйжалуу формаларын ишке ашыруу, бажы чөйрөсүндөгү укук бузууларга жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча таасирдүү чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу» сындуу талаптар бар.
Мамлекеттик Бажы кызматы Кыргызстанда коомчулуктун эң көп сынына кабылган мамлекеттик органдардын бири. (BTo)