АКШнын Мамлекеттик департаменти Бээжиндин каршылыгына карабастан, Тайванга баасы 2,2 миллиард доллар турган аскер техникасын сатууну жактырды.
Департамент 8-июлда 108 «Абрамс» танкын, 250 «Стингер» ракетасын жана башка аскер техникаcын сатуу боюнча Конгресске маалымат жөнөттү.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гэн Шуан 9-июлдагы басма сөз жыйынында Кошмо Штаттарын курал сатуу боюнча чечимден баш тартууга чакырды.
Ал эми Тайвандын президенттик администрациясы курал сатууга макул болгону үчүн АКШга ыраазычылык билдирди.
1949-жылы Чан Кайши жетектеген кытайлык улутчул күчтөр жарандык согушта коммунисттерге утулуп калгандан кийин Кытайдын түштүк-чыгыш ыптасындагы Тайвань аралына качышкан.
Тайвань Кытайдан көз каранды эмес экенин расмий жарыялабаса да, иш жүзүндө өз алдынча иш алып барып келатат.
Кытай Тайванды өз алдынча субъект катары тааныган эмес. Эки тараптын ортосунда расмий тынчтык келишимине да кол коюлбай калган.