Кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев 8-июнда 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар бирикмеси кабарлады.
Коштошуу зыйнаты 10-июнда саат 10до Кыргыз академиялык драма театрынын алдында өтөт.
Маркум балдар жана чоңдор үчүн ондогон чыгармаларды жазган. Пьесалар жыйнактарынын автору. Орусиянын жана коңшу мамлекеттердин акын-жазуучуларынын 30дай чыгармасын кыргыз тилине которгон.