Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча комиссиянын жыйыны башталды


Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны башталды. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

“Мегакомдун” жетекчиси Акылбек Жаманкулов баяндама жасап, келишимде жыштыктарды биргеликте колдонуу боюнча гана шарттар каралганын билдирди. Ал “жыштыктар тартыш экенин айтып, эки тараптуу долбоорду ишке ашыруу маселеси чечилип, бирок кийин “КТ Мобайлдын” жетекчилиги аны башка нукка бурууга аракет кылган”, - деди.

Парламенттеги КСДП жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын чечимдеринин негизинде “КТ Мобайл” компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалган. Бул комиссия бир ай ичинде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырууга тийиш.

Депутаттык комиссиянын курамына эркин депутат Жанарбек Акаев, КСДП фракциясынан Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков кирген. Ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясынан Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, “Кыргызстан” фракциясынан Алмаз Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, “Бир Бол” фракциясынан Акылбек Жапаров, “Ата Мекен” фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары “КТ Мобайл” компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. 16-майда “КТ Мобайл” ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG