Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Мурат Суталинов бошотулду (видео)


Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.
Мурат Суталинов. 7-май, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мурат Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканын жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп жатышат. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG