Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2019-жылдын июнь айында келери белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү кабарлады.
- Былтыр сиздин (Сооронбай Жээнбековго кайрылып - ред.) Кытайдагы биринчи мамлекттик сапарыңыз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк денгээлине чыгарарыбызды жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым, – деди Си Цзинпин Жээнбеков менен жолугуп жатып.
Президент Жээнбеков 25-28-апрелде башка мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн жетекчилери менен бирге Кытайдагы «Бир алкак – бир жол» форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. (KR)