Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Сот Бишкектин экс-мэрлеринин ишин кароону улантты


Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланды.

Сот залында айыпталуучулардын жакындары менен сакчылар айтыша кетишти. Отурумга катышканы келгендер аларды киргизбей жатканына, орундуктардын тартыштыгына даттанышты. Алардан сырткары процесске Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина катышууда.

Соттук коллегиянын төрагасы Кубанычбек Касымбеков тынчтыкты талап кылып, ызы-чуу кылгандар бөлмөдөн чыгарыларын эскертти.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы соттук отурумда кабыл алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG